Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

“Элдик сот” эмнеге апкелет?

0
“Элдик сот” эмнеге  апкелет?

Таластагы мал базардан кармалган чөнтөкчүнү эл кармап алып, сабап, мамыга таӊып салды деген кабар кызуу талкууга алынып жатат. Ага чейин деле көпчүлүктүн жаалына кабылып, атүгүл ташбараӊдан өлүп кеткендер да болгон деп эстеп жатышат.

Тартип органдары менен сотко ишеним калбагандыктан ушундай окуя болду деген пикирди эч ким төгүндөгөн жок. Эми “өздүк сот” адатка айланбайбы? Калайыктын кыжыры кайнай берсе, акыры дагы бир революция (төӊкөрүш), тагыраагы, социалдык катастрофа болбойт деп ким кепилдик бере алат? Мамлекеттин укуктук өзөгүн кантип бекемдеш керек?

Милийса менен сотко ишеним жок

Анткени кылмышкерди кармоого ал кызыкдар эмес, кармаса да тез эле коё берет. Көбүнчө өз ыктыяры менен эмес – “өйдө” жактан же таасири күчтүү (капчыгы калыӊ, “караларга” жакын) кишилер кысым жасап, милийсанын колунан сууруп кетет. Тергөөчү ишти мыйзамдуу тариздеп, сотко жеткирсе деле кылмышкер баары бир ал жактан акталып же өтө жеӊил жаза менен кутулуп кеткен учурлар көп.

Сот адилеттиги деген түшүнүк биздин коомдо мазак, какшык мааниге ээ болуп калган. Райондук, райондор аралык, облустук соттордон каралганча айлар өтүп, жылдар алмашат. Жогорку сот ишти баштапкы инстанцияга – райондук сотко кайтарып, эч майнапсыз убарагерчилик кайрадан кийинки айлампада улантылат.

Айрыкча тергөө амалдарын прокуратура жүргүзөбү же УКМКбы деген талаш укуктук жагдайды ого бетер начарлатып жибериши ыктымал. Анүстүнө мыйзамдык база да бошоӊдоп кеткен – мисалы, “Жосундар жөнүндө кодекстеги” өтө алешем беренелер көптөгөн кылмыштуу иш-аракеттердин дээрлик жазасыз калуусуна жол ачып койгон.

Адилеттик – сезим эле эмес

Тилекке каршы, адилеттик болсун дегендердин көбү, балким, басымдуу көпчүлүгү өтө тайыз түшүнүк менен чектелип, жагымсыз көрүнүштү үстүрт, эмоция деӊгээлинде гана кабылдайт. Ошондуктан алар жазалоо жагын гана ойлойт, аёосуз уруп-сабаса, уурунун колун кессе, кылмышкерди өлтүрүп салса эле темирдей тартип орнойт деп ойлойт. Бирок айыпталып жаткан кишинин күнөөсүн ким аныктап, өкүм чыгарат?..

Колго түшкөн ууруну/кылмышкерди (же ууру/кылмышкер деп шектелген кишини) дароо эле катуу жазалагысы келген көпчүлүктүн маанайын да түшүнүүгө болот. Калыстыгы жок милийса менен карөзгөй сотторго каршы топтолуп калган ачуусун чыгарууга шылтоо табылып жатпайбы. Бирок ээ-жаа бербеген жек көрүү сезими эч күнөөсүз бирөөгө багытталып калышы ыктымал эмеспи...

Бирөө баарын калыс чече алабы?

Чөнтөкчүнү колунан мамыга аскан окуянын социалдык желеде талкууланышы элдин бир бөлүгүн кыйла ойлонтуп, кылдатыраак жыйынтык чыгарууга түрткү берди окшойт. Мисалы, 150 миӊ сомду уурдаган бир кишини жек көргөнчөлүк мамлекетти тоногон мителерди жектесек туура болмок деген пикир көп айтылды. “Майда ууруну колунан асышат, чоӊ уурунун колунан өбүшөт”, - деген какшык сөз да болду.

Соӊку кездерде көпчүлүктүн көӊүлүн бурган чырдуу окуяларга президент өзү түздөн-түз кийлигишкен мисалдар болду. Анын бардык иштерди эӊ туура чечерине ашыкча үмүт арткандар көп. Тилекке каршы, бул өтө баёо көз караш. Кеп Садыр Жапаровдун инсандык сапатында эмес.

Чындап келсе, мифологиядагы Сулайман падыша-пайгамбардай кыраакы, акылман киши мамлекетти башкарса деле, миӊдеген жамааттардын, он миӊ-жүз миӊдеген адамдын тагдырына тиешелүү маселелердин баарын кылдат териштиргенге, жаӊылбай өкүм чыгарганга эч бир адам жалгыз өзү да, атүгүл кара кылды как жарган калыс деп катуу ишенген жөкөрлөрү да жетишпейт.

Бүгүнкү республиканын шартында, Баш мыйзам (Конституция) аныктаган жоболор боюнча ар кандай чарбалык талаштарды, жазык иштерин териштирүү аткаруу бийлигинин тикелей милдеттерине кирбейт. Мамлекеттүүлүктүн өзөгүн түзүүчү бийликтин мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу бутактарына бөлүнүү принциби дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде, эӊ алдыӊкы өлкөлөрдүн өрнөгүнө карай кабыл алынган.

Конституция баркталбай калганда...

Ырас, үч бутакты теӊ каалагандай калчап, өзүнө баш ийдирип алган президенттер да аз эмес. Бирок ошолордун деле эч кимиси талаш-тартыштарды чечүүгө жеке өзү тикелей кийлигишкенге жетишпейт, бул мүмкүн да эмес. Ал ишенген кеӊешчилер, тыӊчылар, сөз ташыгычтар көп нерселерди такыр туура эмес жеткириши толук мүмкүн. Айрыкча сөз эркиндиги чектелген, фейктер армиясы өйдө жактын же айрым саясий күчтөрдүн кабак-кашына ылайык уу-дуу кылып турган шартта жандоочулардын жаӊылып калуу ыктымалдыгы өтө жогору болот.

Ошондуктан ар ким өз жумушун так аткарууга тийиш. Аткаруу бийлигинде (Өкмөттө, азыркы Министрлер кабинетинде жана бардык деӊгээлдердеги жооптуу мекемелерде) мыкты менеджерлер (иш башкаруучулар) туруп, чарбалык-экономикалык, социалдык жана саясий маселелерди өз убагынан кечиктирбей, кесипкөй деӊгээлде чечип турушу керек.

Мыйзам чыгаруучулар (парламент, бизде – Жогорку Кеӊеш) өлкөнүн мамлекет менен жарандардын ортосундагы мамилелерде Конституциянын талаптары канчалык сакталып жатканына көз салып, тийиштүү мыйзамдарга зарыл өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизип турат.

Сот бийлиги адам укуктарын сактоо, мамлекет менен жарандардын ортосундагы, ар кайсы топтордун, юридикалык же жеке жактардын ортосундагы талаштарды калыс чечип турууга тийиш. Бул өзгөчө милдетти аткарууда соттор бир гана Конституцияга баш ийип, мыйзамдарды так сактоого милдеттүү. Тилекке каршы, соттор колунда бийлиги же байлыгы барлар каалагандай өкүм чыгартып туруу үчүн ыӊгайлуу куралга айланып калган...

Чөптү кор тутсаӊ, көзгө түшөт. Мамлекеттүүлүктүн өзөгүн түзгөн, улуттук биримдиктин эӊ зарыл шарты болгон мыйзам үстөмдүгү менен сот адилеттиги болмоюнча “элдик/өздүк сот” сыяктуу опуртал окуялар кайталанбай калбайт. Мындай жосундар өнөкөткө айланып, акыры өтө оор кесепетке апкелиши мүмкүн. Ошондуктан бул чындыкты элге мүмкүн болушунча кеӊири жеткирип, коомдун укуктук аӊ-сезимин өстүрүү зарыл.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *