Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Жакупова өкмөт "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамын өзгөртүп кереги жок деп чечкенин билдирди

0
Жакупова өкмөт

Министрлер кабинети  “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды өзгөртүүнүн жана түзөтүүнүн зарылдыгы жок деген корутундусун Жогорку Кеңештеги демилгечи депутаттарга жиберди.

Бул тууралуу "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3-майда "Азаттыкка" маалымдады. Ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун колу коюлган корутундуга каршылыгын билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылды.

 

"Жогорку Кеңеш - мыйзам чыгаруучу орган катары өкмөттүн бул корутундусун эске албай туруп мыйзам долбоорун тармактык комитеттерге кароого жиберүүгө укуктуу", - деди Жакупова.

Өкмөт бул тууралуу маалымат бере элек. 

Парламенттин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган. Анда эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт “фейк” маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөрү жазылган. Ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршылык билдирип чыгышкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Айрым депутаттар бул мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” деген негизде аны өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, сунуштаганы былтыр сентябрда белгилүү болгон.

Сөз болгон мыйзамдын негизинде былтыркы жылдын октябрь айынан бери “Азаттыктын” сайты бөгөттөлүп турат, мындан тышкары аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракети көрүлүүдө. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *