Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Дин эркиндиги боюнча эл аралык комиссия Тажикстанга санкция салууну сунуштады

0
Дин эркиндиги боюнча эл аралык комиссия Тажикстанга санкция салууну сунуштады

АКШнын Эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиясы (USCIRF) Мамдепартаментке диний эркиндиктин жетишсиздигинен Тажикстанга кысым көрсөтүүнү, зарыл болсо санкция салууну сунуштады.

Уюм дүйнөдөгү диний укуктардын сакталышы боюнча жарыялаган отчетунда акыркы бир жылда дүйнөдө дин тутуу жана башка ишеним эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени айтылат.

Комиссия АКШнын Мамлекеттик департаментине 17 өлкөнү дин тутуу эркиндиги боюнча “өзгөчө тынчсыздануу жараткан мамлекеттер” катары көрсөтүүнү сунуштады. Алардын арасында Тажикстан да бар. Баяндамада тажик бийлиги дин жана ишеним эркиндигине болгон укуктардын ырааттуу түрдө бузулушуна жол берип жатканы айтылат.

Баяндаманын авторлорунун пикиринде, Тажикстанда дин тутуу эркиндигинин абалы кейиштүү бойдон калууда, өкмөт мусулмандарды репрессиялоону улантууда.

Маселен, 18 жашка чейинки балдарга мечиттерге барууга тыюу салынган, диний билим алуу мүмкүн эмес, ажылыкка баруу үчүн жаш куракка чектөө киргизилген,  аялдарга диний кийим кийүүгө, эркектерге сакал коюуга уруксат жок, 2014-жылдан бери мечиттерде бийлик менен макулдашылган насааттар окула баштаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *