Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

"Ынтымак" телеканалынын бир күн мурда дайындалган жетекчиси кызматтан кетти

0

Ошто "Ынтымак" коомдук-региондук телерадиокомпаниясынын жаңы дайындалып, жамаатка тааныштырылган жетекчиси бир күн өтпөй кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды.

Бакыт Айдаровду 3-майда жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов расмий тааныштырып кеткен.

Ал эми 4-майда Бакыт Айдаров кайрадан жумуштан кетүү жөнүндө арыз жазганын "Азаттыкка" министрликтин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов тастыктап, буга анын үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жагдай себеп болгонун билдирди.

Бакыт Айдаров "Ынтымакта"директор болуп 2020-жылдын декабрь айынан бери эмгектенип келген, ага чейин аталган каналдын коммерциялык директору болуп иштеген. Быйыл 17-апрелде ал кызматтан өз арызы менен кеткен.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) текшерүүсү себеп болгону айтылган. Айрым кызматкерлерди атайын кызмат суракка чакырганын "Азаттыкты" жеке булактары кабарлашкан.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгуло в3-майда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, андай текшерүү тууралуу кабары жок экенин айткан.

"Ынтымак" КРТРКсы 2011-жылы аймактык телекомпания болуп ачылган. Ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кыргыз, өзбек тилдериндеги көрсөтүүлөрдү даярдап келет. (DSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *