Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Түркиядагы шайлоо: Кыргызстандагы түрк жарандары добуш берүүдө

0
Түркиядагы шайлоо: Кыргызстандагы түрк жарандары добуш берүүдө

Кыргызстанда жашаган түркиялыктар президенттик шайлоого добуш берип жатат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Түркиянын президентин шайлоо үч күнгө созулуп, 5-6-7-май күндөрү жүрөт.

ТРТ Аваз телеканалынын маалымдашынча, Кыргызстанда 3 119 түрк жараны расмий катталган.

Мамлекеттик "Анадолу" агенттигинин маалыматына ылайык, 73 өлкөдө элчилик жана консулдуктардын имараттарында шайлоо тилкелери ачылган. Аларда 3 миллион 416 түркиялык шайлоочу катталган.

Түркияда президенттик шайлоо быйыл 14-майда өтөт. Түрк оппозициясы Эрдогандын атаандашы катары Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин тандаган.

69 жаштагы Эрдоган Түркияны соңку 20 жылдан бери башкарат. Анын бийликтеги алгачкы жылдарында Түркиянын экономикасы көтөрүлгөнү менен соңку жылдарда өлкөдөгү жарандык эркиндик жана адам укуктары кескин чектелгенин эл аралык уюмдар белгилеп келишет.(ElB/ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *