Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Чек ара кызматы казак тарап транзиттик тилкени тосконун ырастады

0
Чек ара кызматы казак тарап транзиттик тилкени тосконун ырастады

Кыргызстандын Чек ара кызматы Казакстан Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы өздөрүнө таандык 800 метр узундуктагы транзиттик тилкеге тосмо орнотуп жатканын бышыктады. Анда коңшу мамлекет расмий Бишкек менен макулдашкандан кийин 4-майдан тартып тосуп жатканы айтылат. Чек ара кызматы кыргыз жарандарын транзиттик жолдон өтүүдө эрежелерди сактоого чакырды.

"Буга чейин транзиттик жолдун бул тилкесинде казак тарап спираль түрүндөгү убактылуу көчмө тосмо койгон. Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн Казакстандын аймагындагы "Азия" жана "Достык" май куюучу станцияларына жол жабык. Бирок транзиттик жолдогу бул тилке жол жүрүү үчүн ачык бойдон калууда. Кыргызстандын аймагынан транзиттик жолго кире бериштин эки тарабында тең кошумча жол белгилери, транзиттик жолдон өтүү жөнүндөгү эрежелери менен маалымат такталары орнотулган. Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын транзиттик жолдон өтүү эрежелерин сактоого чакырат, тактап айтканда, токтобой өтүү, жүргүнчүлөрдү отургузбоо, түшүрбөө, жүк жана башка мүлктөрдү түшүрбөө жана жүктөбөө керек. Транзиттик жолдон өтүү эрежелери бузулган учурда казак чек арачылары мыйзам чегинде административдик айып пул салат", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда казак тарап тосмо коюп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан жана бул талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстан менен Казакстан чек арасынын узундугу 1241 чакырымды түзөт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *