Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

"Көрүүчүгө өзүбүз барабыз". Заманга ылайыкташкан Ош театры

0

Ушу тапта аймактагы театрлардын абалы кандай? Санариптештирүү, технология доорунда кыргыз театрлары заман талабына ылайыкташып жатабы? Кыргыз коомчулугунда искусствого демөөрчү болгондор барбы?

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры быйыл 50 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Мунун урматына театр жамааты өткөн жумаларда Бишкекке келип, үч күн спектакль койду. Чыгармачыл топтун белгилешинче, алар соңку 20 жылдан бери борборго гастролдоп келе элек болчу. Буга эмне себеп болгон?

Ушул жана башка суроолого театрдын жетекчиси Керимбек Калыкулов, Эмгек сиңирген артист Насиятхан Шамшиева, Эл артисти Талант Апыев  "Азаттыкка" курган маегинде жооп беришмекчи.

– Студиябызга кош келдиңиздер, адегенде Бишкекке чыгармачыл сапарыңыздар кандай болгонун сурагым келип турат. Ордо калаадагы көрүүчүлөр жылуу кабыл алдыбы?

Керимбек Калыкулов: Биз үч күндө алты спектаклди борбор шаарыбыздын көрүүчүлөрүнө тартуулоону пландаганбыз. Өз максатыбызга жеттик, баары ойдогудай болду, менимче. Көрүүчүлөр жылуу кабыл алып, театр ишмерлери, сынчылары жакшы пикирлерин айтышты.

Насиятхан Шамшиева: Биз борборго көп жылдан бери келе элек болчубуз. Бишкекте Ош театрын мурдатан эле өзгөчө күтүшчү, күчтүү чыгармачыл топ деп эсептешчү. Тилекке каршы, театрга келген жалгыз аяк жолду көп жылдар бою чөп басып калган. Азыр Ош шаарында, Бишкекте да кайрадан элдин изи жаңырып, көрүүчүлөр көбөйдү. Биз буга аябай кубанычтабыз.

– Ош драма театры жыйырма жылдан бери борбор калаага гастролдоп келе албай жүргөн экен. Буга эмне себеп болду эле? Каржынын тартыштыгыбы же чыгармачылык жактан даярдык болбой жаттыбы?

Талант Апыев: Ар кандай себептер менен келе албай жүрдүк. Театрдын 25 жылдыгын белгилегенде беш-алты спектакль менен отчёттук декадага келген элек. Ошондон бери бир топ тыныгуу болуп калды. Өзүңүздөргө маалым, акыркы мезгилдерде спектакль койгонго каражат бөлүнбөй калган. Гастролго чыгуу үчүн театрдын өз автоунаасы болушу керек. Кечээ министрликке жолукканда бул маселе чечилип жатканын айтышты.

Борбор калаанын көрүүчүлөрүнө өнөрүбүздү тартуулоо үчүн өзүбүз каражат таптык. Атайын эсебибизден акча алып, колдон келишинче билет саттык. Азыр Ош шаарынын тегерегиндеги райондорго чыгып, спектакль койгондо элдин театрды сагынганын көрүп жатабыз. Айрыкча окуучуларга, жаштарга театр рухий азык катары керек экенин сезип турабыз.

– Негизи биздикиндей коомдо искусствого меценаттардын колдоосу керек экени айтылып келет. Ош шаарында да театрга колдоо көрсөткөн сүрөөнчүлөр барбы?

Талант Апыев: Дээрлик жокко эсе. “Кубат бий” пьесасын койгонубузда автор каражатты өзү тапты. Театрга меценаттык кылуу үчүн ириде аны жан дили менен жакшы көрүп, сүйүп, түшүнүү керек.

– Керим мырза, Ош – өлкөдөгү экинчи ири тарыхый шаар. Башка облустарга караганда калктын саны да көп. Бул дагы театрга артыкчылык берет эмеспи, дегеним зал толобу? Аймактагы театр сүйүүчүлөрү кимдер? Искусствого кызыккандар арбынбы?

Керимбек Калыкулов: Менин байкоом боюнча, акыркы кезде биринчиден, каржылык тартыштыктан, экинчиден, адистердин жоктугунан театрдын иши солгундап, жакшы спектаклдер коюлбай калган. Ошонун айынан театрды сүйүп көргөндөр азайып кеткен.

Эми жагдайды оңдойбуз десек, театрларга сөзсүз көңүл бурушубуз керек. Жандандырып, жаңы форматка алып чыгуу абзел. Көрүүчү өзү көксөгөн нерсесин театрдан тапса, сөзсүз келип турат. Биз ошого жеткенге аракет кылып жатабыз.

Азыр да театр босогосун жаңы аттаган кээ бир адамдардын абдан чоң таасирлер менен кеткенин көрөм. Себеби, театрда көрүүчүлөр менен артисттердин ортосунда тосмо болбойт, түз байланыш түзүлөт.

Технология доорундагы театр

– Азыр дүйнөдө технология укмуштуудай өнүгүп жатат. Бардык тармактар ошого жараша ыңгайлашып, ишин өзгөртүүдө. Ыңгайлашууга аргасыз да болууда. Ушундай шартта, балким, театрлар да жаңыланышы керектир?

Керимбек Калыкулов: Сөзсүз керек, театрлар жаңыланып, реформаланып, заман агымына ыңгайлашуусу шарт. Коңшулаш Казакстанда эле спектаклдер башка форматка өттү. Музыканын тилин, бийди айкалыштырып, технологиянын жаңы жетишкендиктерин, атайын эффекттерди пайдаланып жатышат.

– Бирок сиз айткан маселенин бардыгы каражатка, уюштуруучулук ишке байланыштуу эмеспи.

Керимбек Калыкулов: Буга чейин театрлар өздөрү сүрөөнчү издеп, кичине каражат таап, эптеп-септеп коюп келген. Быйыл театрларга контент даярдоо үчүн мамлекеттен 100 млн. сом бөлүнүп жатат. Ар бир театрга 5 миллиондон, кээ бир чоң театрларга 10 миллион сомдон берилет экен. Бизге да 5 млн. сом бөлүндү. Ошол акчаны өздөштүрүп, жаңы контент даярдап, андан ары өзүбүздү өзүбүз каржылаган деңгээлге жетүү максатыбыз бар.

Талант Апыев: Акыркы 15 жыл ичинде Казакстандагы театрлар өздөрүнө кадр даярдашты. Мүмкүнчүлүгү кенен экен, шарт түзүп материалдык базасын оңдоп алышты.

Адамдар театрга чер жазганы, эстетикалык рахат, рухий азык алганы келиши керек. Бирок бизде эл эс алуу үчүн кафе-ресторандарга барып калды. Театрдын техникалык базасын сөзсүз чыңдаш керек, жарык берүү, үн угузуу – бардыгы заманбап техникалар менен жабдылышы кажет. Бүгүнкү көрүүчүнүн табитин канааттандырганга аракет кылуу абзел. Менин оюмча, театрда сүйүү, кечээги “Эзоптогудай” азаттык, адамгерчилик, үй-бүлөдөгү мамилелер ж.б. түбөлүк темалар ар дайым чагылдырылып турушу керек.

– Сиздер Бишкекке чыгармачыл сапарыңыздарда байыркы грек акылманы Эзоп тууралуу спектакль койдуңуздар. Адамзатты байыртан ойго салган суроолор азыр да актуалдуу. Ошол себептүү спектаклди заман талабына ылайык жаңыласа болот беле? Мисалы, Эзопту заманбап образда берип дегендей?

Талант Апыев: Режиссёрдун, чыгармачыл адамдын өзүнүн тандоосуна жараша каалагандай койсо болот. Эң негизгиси, көрүүчүгө айтайын деген оюн так жеткирүү керек. Мисалы, биздин топ “Эзопту” ойноп бүткөндөн кийин костюм-шымчан, бүгүнкү кийимдер менен чыгып, көрүүчүлөргө жүгүнөт. Бул Эзоптун доорунда адамдар эркиндикке кандай умтулса, азыр да ал көйгөй барын билдирет.

– Азыр санариптештирүү доору жүрүп жатат. Сиздер дагы ишиңиздерди жаңы технологиялык ыкмаларды колдонуп жатасыздарбы? Кээде Фейсбуктан учкай жаңылыктарыңарды көрүп калабыз.

Керимбек Калыкулов: Азыр убакыт кымбат, бир жерге атайын барып эки саат отуруп келиш да кыйын. Мындай шартта театр да ийкемдүү болушу керек. Бардык платформаларга чыкканга, адам кай жерде болсо, ошол жерде болгонго аракеттерди көрүп жатабыз. Көрүүчүнүн театрга келгенге убактысы жок болсо, анда спектаклди интернет аркылуу көргөзүү керек. Социалдык роликтерди даярдоо, театрдын базасында сериал тарталы деген оюбуз бар. Азыр сериалдар биздин коомдо актуалдуу болуп жатат. "Интерньюс" уюмунун колдоосу менен тартылган "Агай" сериалы кандай таанылды! Тарбиялык мааниси да бар. Кыскасы, элди агартуу, маданиятын көтөрүү деген милдеттерди аткарышыбыз керек.

"Кадр тартыштыгы- чоң көйгөй"

– Өткөндө бир актёрдун "Биз театрда ойноп жаткан чыгармалардын маани-маңызын интеллектуалдар гана аңдабаса, көпчүлүк адамдар жөн эле көрүп кетет" дегенин окуп калдым. Спектаклдин, кинонун, китептин түпкү маанисин түшүнгөн муунду кантип жаратуу керек?

Талант Апыев: Китеп окулбай калгандан улам Айтматовдун татаал сүйлөмдөрүн түшүнбөгөн, оюн толук жеткирип айта албаган муун пайда болгону чындык. Эне тилин башка тилде сүйлөп жаткандай кыйналып, маанисин жеткире албагандар көрүүчү эле эмес, жаш актерлор арасында да бар. Бул көйгөйдү эми мамлекет өзү көңүл буруп, бала бакчадан баштап иш жүргүзүшү керек. Жаш муундун кызыкчылыгын эске алуу менен ошого ыңгайлашууга аракет кылуу шарт. Спектаклдин ар кандай формалары бар, такыр тексти жок, музыка менен койсо болот. Негизи чыгармачылыкта котормо болбойт. Кайсы өлкөгө барып эмне жөнүндө чыгарма койбосун театрдын тили, адам эмнени ойноп жатканы түшүнүктүү болгону жакшы.

– Актёр, актрисалар боюнча, Ош улуттук драма театры кезинде чыгаан таланттардын ордосу болгонун билебиз. Акыркы жылдардагы абал кандай? Иштейбиз, башка кесипке кетпейбиз деген жаш кадрлар барып жатабы?

Талант Апыев: Биздин театр быйыл элүү жылдыгын белгилеп жатат. Жарым кылым мурда театрды ачкан корифейлер Ош театрын КМШга тааныткан. Тилекке каршы, алар ар кандай себептен улам кийин көчүп кетишти. Азыр биздин жамаатта ГИТИСти бүтүп келип, театрды ачкан курстан Эл артисти Рашбек Асанов гана иштеп жатат.

Аймактарда кадр табуу чын эле оор. Жаштар үчүн борбордо мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Ырас, азыр кино үчүн жаңы таланттарды издеп, аймакка бара башташты. Бирок кадр маселеси чечилбеген бойдон калып жатат. Себеби, жаштар барганы менен аларга шарт түзүп бере албай жатабыз. Жок дегенде жашай турган жерин чечип берүү керек да. Артисттердин алган маянасы батирге төлөгөнгө аздык кылат. Ошондон улам атайын актердук билим алган, таланттуу жаштар аймактарга барбай жатат. Азыр иштеп жаткан жаш актерлордун көбүнүн театралдык билими жок.

– Таланты бар, бирок билими жок деңиз. Эң жаш актёр, актрисаңыздар канчада?

Талант Апыев: Жыйырманын тегерегинде. Жаштар кудайга шүгүр, толукталып, жаңыланып эле калды. Бирок билим алышы зарыл. Улуу муундан театрды ачкан Кадырбек аттуу агайыбыз бар. Ал тамашалап "Окуган адам – окуган адам, окубаган адам – окубаган адам" деп айтып калат.

 

– Насыятхан айым, театрда иштеш үчүн фанат болуш керек, ал сенин жашоо мүнөзүң болуп калат дешет. Бул чынбы?

Насиятхан Шамшиева: Актёр үчүн эмгектин үзүрү бир букет гүл менен бааланат, менин оюмча. Көрүүчү гүл берип, кол чаап турса, биз кудайдын алдына барып келгендей кубанабыз. Театр талбаган эмгекти баалайт. Тынбай иштеп турсаң, сахна сени сүйүп, өзүнө жакындатат. Репетицияга катышпай, роль ойнобой калсаң, сахна да өгөйлөйт. Ошон үчүн театрга колдон келишинче жакын болуп, кичинекей образ жаратса да, репетицияда жүргөн актёрдун дарамети басаңдабайт. Азыр биздин жаңы, жаш жетекчибиз акча маселесин чечкенге аракет кылып жатат. Каражат табылып, актёр, актрисалар ойноп турса, ошол ийгилик.

Ушул мезгилде театрда жана котормо студиясында иштеп жатам. Жаңыш Кулмамбетовдун "Мекенимдин ташы" деген чыгармасын койгону жатабыз. Жанталашып жүрүп роль алдым (күлүп). Театрда иштегениме отуз беш жыл болуптур. Чыгармачыл кечемди уюштурсам деген ой бар.

"Театр колдоо болбосо жашай албайт"

– Театрдагы чыгармачыл адамдардын көбү той-топур же башка кошумча иштер менен акча табарын көрүп жүрөбүз, Оштогу жагдай кандай?

Керимбек Калыкулов: Мен деле театрга жаңы келдим. Иштегениме беш-алты ай болду. Ага чейин журналистикада жүрдүм. Сыртынан караганда көп нерсе билинбейт. Актёрлук - аябай түйшүктүү иш. Спектаклди даярдоого алты айлап убакыт кетет. Текстин жаттап, репетицияларга катышуу керек. Өзүң жараткан ролду тынымсыз алып жүрүшүң керек. Бул аябай чоң жүк. Айлык бир аз көтөрүлдү, бирок жогорку деңгээлде эмес. Чыгармачыл жамаатыбызда каякта кандай талап болсо, ошону колунан келишинче аткаргандар бар.

Азыркы кезде театрды таштабай, өнөрдү сүйүп иштеп жаткан адамдарга мамлекет, коом, меценаттар болобу, колунан келген жардамын бериш керек. Өнүккөн өлкөлөрдөн калышпаган маданиятты курабыз десек, театрды колдоо зарыл. "Молдо менен артистти эл багууга милдеттүү" деген тамаша сөздүн кайсы бир деңгээлде чындыгы бар. Азыркы биздин шартта, биздин элдин санын эске алганда, театр өзүн өзү багып кетиши мүмкүн эмес. Калкыбыздын саны 40-50 миллион болсо башка кеп эле.

– Бир жылдары кыргыз театрларында баатырлар, тарыхый инсандар тууралуу спектаклдер көп коюлду эле. Сиздер да ошол жолду басып өтсөңүздөр керек?

Талант Апыев: Ар ким өзүнүн уруусундагы тың чыкмалар тууралуу китеп жаздырып, санжырасынан бери түздүргөн учурлар бар. Бирок, биз койгон Кубат бий – тарыхта орду бар, кыргыз мамлекетин түптөйлү деген инсандардын бири болгон. Ошондуктан анын тагдырына кайрылдык. Мисалы, Султан Ибраимов жөнүндө, Исхак Раззаков жөнүндө спектаклдерди койсо болот. Кийинки муун элибиздин тарыхта басып өткөн жолун билиши керек.

 

– Талант мырза, акыркы кезде театрда актёрлордун өздөрү режиссёр боло баштаганын айтышты. Негизи бул канчалык туура? Режиссёрлукка окуп келиш керекпи? Сиздин көз карашыңыз кандай?

Талант Апыев: Мен кезинде Ленинградда окугам. Майсалбектин монологун дайыма айтам: "Балдарды окутуп мугалим болоюн дедим эле, колума курал алып жоокер болдум" деп. Кадр, режиссёрлордун жоктугунан, ошондой жолду тандоого туура келди.

Режиссёрлук дагы – жараткандан берилген өнөр. Эгер актер кааласа, аракет кылып, өзүн сынап көрүшү керек. Актерлордун арасынан режиссер болуп кеткендер бар. Себеби, актерлук менен режиссерлуктун башаты бир.

Учурдан пайдаланып бардык элибиздин, көрүүчүлөрүбүздүн амандыгын тилеп, заманыбыз тынч болуусун каалайм. Тынчтык болгон кезде гана өсүп- өнүгүүгө, калган нерселерге көңүл бурулат. Сахна эл үчүн жаралган, актерлор эл үчүн эмгектенип жатат, мен театрга элдин кайрылып келишин каалар элем. Ишенимдүү айта алам, келгенден кийин театр көрүүчүнү арбап, өзүнө тартып алат.

Ош улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты менен маектин аудиосун бул жерден уксаңыз болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *