Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Парламент курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт

0
Парламент курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт

Жогорку Кеңеш 10-майдагы жалпы жыйында “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт.

Өткөн айда бул долбоорду даярдап жаткан жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөн. Парламенттин басма сөз кызматы анда жергиликтүү, райондук жана шаардык курултай өткөрүү тууралуу жоболорду кыскартуу, делегаттардын саны 1070тен 700гө азайтуу макулдашылганын билдирген.

Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Жыйында курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бары айтылган.

Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон.

Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган.

Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон. Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн элдик курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *