Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Сербия: мектептеги кан төгүүдөн кийин билим берүү министри кызматтан кетерин айтты

0
Сербия: мектептеги кан төгүүдөн кийин  билим берүү министри кызматтан кетерин айтты

Мектептеги кан төгүүдөн кийин Сербиянын билим берүү министри Бранко Ружич отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди. Министр курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, трагедиянын сүрөттөрү анын көз алдында өмүр аягына чейин каларын айтты. Ал өз чечимин үч күндүк аза күтүү аяктаганда, жекшембинин кечинде жарыялады. Буга чейин оппозиция өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырып келди. 

3-майда Белградда 13 жаштагы өспүрүм өзү окуган мектепте сегиз окуучуну жана коопсуздук кызматкерин атып өлтүргөн. Дагы жети киши ар кандай жараат алган. Тергөөнүн маалыматына караганда, өспүрүм атасына катталган эки тапанчадан ок чыгарган. Шектүү ушу тапта абакта писихиатриялык экспертизадан өтүүдө. Ата-энеси кармалганы кабарланган.

Бир күн өтүп-өтпөй, башкалаадан 40 чакырым алыс Младеновац деген жерде 21 жаштагы жигит 8 кишини атып салган.

Президент Александр Вучич жана өкмөт куралга, өзгөчө тапанчаларга ээлик кылууга катуу көзөмөл киргизүүнү убада кылышты.

Ички иштер министрлиги 4-майда билдиргендей, “элдин колундагы курал эрежелерге ылайык, ок-дарылардан бөлөк, тиешелүү сейфтерде сакталып жатышын аныктоо максатында” текшерүү жүргүзүлөт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *