Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Иранда “атеизмди жайылткан” деп айыпталган эки киши дарга асылды

0
Иранда “атеизмди жайылткан” деп айыпталган эки киши дарга асылды

Иранда социалдык медиада “атеизмди жайылтып, диний жана мусулмандардын ыйыктарына акаарат келтирген” деп айыпталган эки киши дарга асылды. “Фарда” радиосу жазганына караганда, Юсеф Мердад жана Садролла Фазели Заренин өкүмү ишке ашырылганы тууралуу маалымат 8-майда юстиция тармагынын сайтында жарык көрдү.

2019-жылы Эрак революциялык соту аларга айып таккан. Үч жаш баланын атасы Мердад жаратканга акаарат келтирди, Куранды өрттөдү деп айыпталган. Заре Мухамед пайгамбарга жана исламга акаарат келтиргенин моюнга алганы кабарланган.

Норвегияда жайгашкан Ирандагы адам укуктарына байкоо салган уюм акыркы эки жумада Ислам жумуриятында ар алты саат сайын бир киши соттун өкүмү менен дарга асылганын маалымдады.

6-майда швециялык-ирандык диссидент терроризмге айыпталып өлүмгө тартылды. “Ахвазды бошотуу араб кыймылы” (ASMLA) деп аталган жикчил уюмдун негиздөөчүсү жана мурдагы лидери Хабиб Шааб эки жыл мурун Түркиядагы аэропортто дайынсыз жоголгон.

Ирандын диний жетекчилигине каршы уланып жаткан митингдердин фонунда өлүм жазасынын көптүгү укук коргоо уюмдарынын нааразылыгына алып келди. БУУнун эксперттери шийилер үстөмдүк кылган Иранды диний азчылыктарды куугунтуктоону токтотууга чакырууда.

Аталган уюм өлүм жазасына тартылгандардын тизмесин түзүп келатат. Алардын айтымында, быйыл 205 киши дарга асылган, алардын көбү баңгизатына байланышкан кылмыштарга айыпталган. Акыркы эки жумада соттун чечими менен өлтүрүлгөн 40тан ашуун адамдын жарымы Балучистандагы этникалык азчылык өкүлдөрү.

Март айында Amnesty International уюму Иранды этникалык азчылыктардын өкүлдөрүн өлүм жазасына тартууну “репрессиянын куралына” айландырганы үчүн айыптаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *