Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

ЖКга Ленин округунан депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

0
ЖКга Ленин округунан депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Бүгүн 8-майда Бишкекте Жогорку Кеңешке № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) билдиргендей, бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн календардык планына ылайык,  үгүт өнөктүгү 27-майга чейин уланат.

Депутаттыкка арыз берген 49 адамдын арасынан 32си талапкер болуп катталган.

Арыз тапшыргандар арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Равшан Жээнбеков, Руслан Бекназаров жана башкалар бар.

Аталган округ боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодо талапкер болууга арыз тапшыргандар 14 адам болгон. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров бир ай мурда мушташка байланыштуу мандатын тапшырган. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *