Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Кыргызстанда согуштун ардагерлери 100 миң сомдон жардам алышты

0
Кыргызстанда согуштун ардагерлери 100 миң сомдон жардам алышты

Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүнө карата ардагерлердин ар бирине 100 миң сомдон төлөнүп берилгенин 8-майда “Азаттыкка” Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, Жеңиш майрамына карата бир жолку мындай акчалай жардамдан тышкары ардагерлерге ай сайын 7 миң сомдон кенемте жана президенттин атынан 10 миң сомдон стипендия төлөнүп келет. Мындан тышкары, бир жолу төлөнүүчү 20 миң 400 сомдук акчалай жардам да төлөнүп берилди.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринен 64 адам бар экени буга чейин кабарланган. Бир жыл мурда алардын саны 100дөй адамдын тегерегинде болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Быйыл бул согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *