Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Казакстанда Кызыл китепке кирген 15 тюлендин тарпы табылды

0
Казакстанда Кызыл китепке кирген 15 тюлендин тарпы табылды

Казакстанда Каспий деңизинин жээгинде Кызыл китепке кирген 15 тюлендин өлүгү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Экология министрлиги маалымдады. Факт боюнча полиция кылмыш иш козгоду. Адистер суунун жана абанын үлгүлөрүн анализдеп атышат.

Мурда да бул деңиздин жээгинде өлгөн тюлендер табылган. Былтыр декабрда Дагестанда 2 жарым миң тарпты, кийинчерээк дагы 100 чактысын таап алышкан. "Росприроднадзор" ошондо жаныбарлар «жаратылыш газынан улам аба жетпей калып тумчуккан» деген версиясын айткан.

Көз карандысыз экологдордун пикиринде, тюлендер кир суунун деңизге кошулуусу жана аскердик машыгуулардын көп өткөрүлүшүнөн жок болууда.

2022-жылы сейрек жаныбарлардын өлүмгө дуушар болгонун казакстандык адистер да билдирген. Аларын санагында бир жылда 200дөй тюлендин өлүгү табылган. Бир кылымда каспийлик тюлендердин саны 90% азайды. 2008-жылы Табиятты коргоо эл аралык биримдиги аларды жок болуу коркунучуна туш болгон жаныбарлардын тизмесине киргизген.

2020-жылы тюлендер Орусиянын жана Казакстандын Кызыл китептерине кирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *