Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

"ПолитКлиника" Шакиевдин каты деген маалыматты сайтынан убактылуу өчүрдү

0

"ПолитКлиника" басылмасынын сайтынан парламент спикери Нурланбек Шакиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевди актоо тууралуу каты делген жаңылык толуктоо максатында алынды. Бул тууралуу басылманын редактору Дилбар Алимова 8-майда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөнүн, көзөмөлдөөчү органдын жообу келгенден кийин материал кайра толукталып чыгарыларын билдирди.

"Биз ал жаңылыкта ушундай кат тарап жатканын кабарлап, Жогорку Кеңештин дагы жообун бергенбиз. Башкы прокуратурадан жооп алууга мүмкүн болбогонун кошо жазганбыз. Аталган материал боюнча коомдук резонанс жаралып жатканы дагы бекеринен эмес. Анткени, 90го жакын адамдын өлүмүнө күнөөсү бар бозгундагы президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоого болгон аракеттер коомчулуктун кыжырын келтирип жатат. Шакиев Кыргызстандын жараны катары өзү тууралуу маалыматты жокко чыгаруу талабына укугу бар. Бирок, бул катты Жогорку Кеңештин аппараты жокко чыгарып жатканын коомчулук кызыкчылыктар кагылышы катары баалашы мүмкүн жана анын аныктыгы боюнча акыркы чекитти койбойт. Анткени, Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турат. Талкууга алынып жаткан бул кат коом үчүн маанилүү болуп саналат, ошондуктан, бул боюнча парламенттик жумушчу комиссия түзүлүп, бардык фракциядан депутаттар кирип, текшерүү жүргүзүп чыкса ынанымдуу болмок. Андан сырткары, көзөмөлдөөчү орган - прокуратура бул боюнча өз баасын бериши керек",-деп жазды Алимова.

Буга чейин ал бул жаңылыктан улам атайын кызматтын өкүлдөрү телефон чалганын билдирген. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Башкы прокуратура да талкууга түшкөн көчүрмөнүн чоо-жайын комментарийлей элек.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан башкы прокурор Курманкул Зулушевге жазылган кат делген документтин сүрөтү алгач социалдык тармактарда тарап, "ПолитКлиника" басылмасы аны кыска кабар иретинде 5-майда жарыялаган.

Жаңылык "Кол тамгасы окшош. Шакиев Бакиевди актоо өтүнүчү менен баш прокурорго кайрылганбы?" деген тема менен чыккан. Документ 2022-жылы 28-апрелде №6-6651/22 деген чыгыш номур менен жазылган. Ал кезде Шакиев спикер эмес, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп турганын белгилей кетели.

Журналисттер кийинки бетте коюлган кол тамганы Нурланбек Шакиевдин кол тамгасы менен салыштырып, экөө окшош экенин жазышкан. Анда “мурдагы президент Курманбек Бакиев жөнүндөгү маалыматтарды мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде сот органдарынын сайтынан алып салуу жана маалымат ресурстарында Бакиевдин ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюу” суранычы жазылган. "Жалал-Абад облусунун тургундарынан Курманбек Бакиевдин атын калыбына келтирип берүүнү, аны мыйзамдын негизинде реабилитациялоону суранган кайрылуулар көп болуп жатканы" айтылган.

"ПолитКлиника" каттын анык-жалганы азырынча белгисиз экенин, Башкы прокуратурага жиберген өтүнүчкө жооп ала электигин да белгилеген. Бул кабар сайтка чыккандан бир күндөн кийин, 6-майда "ПолитКлиниканын" башкы редактору Дилбар Алимова спикердин каты деген документ тууралуу кабарга байланыштуу УКМКнын кызматкерлери суракка чакырып жатканын Фейсбукка жазып чыкты. "Азаттык" Алимова менен 7-майда байланышканда ал катты социалдык тармактардан алышканын, интернетте аны Сыймык Алканов аттуу катталуучу таратып жатканын билдирген:

"6-майда биз жалпы жамаатыбыз менен тоого чыкканбыз. Менин телефон номурума УКМКнын кызматкеримин деп бирөө чалып, "сиз Кой-Ташта экенсиз, азыр атайын кызматка келип калыңыз, биздин сизге суроолорубуз бар" деди. Мен алардын атайы чакыруусу келгенден кийин юрист менен барарымды айттым. Бирок ал ага макул болбой, дароо келип калышымды талап кылды. Ал тургай УКМКнын өкүлүмүн деген адам тоого чейин келип, колума чакыруу барагын тапшырып туруп алып кетүүгө да даяр экенин айтты. Мен бул тууралуу Facebook социалдык тармагына пост жазып, адвокаттарым менен да байланыштым. Алар расмий чакыруу келмейинче УКМКга барууга милдеттүү эмес экенимди айтышты. Көп өтпөй дагы бир телефон чалуу болуп, ал өзүн УКМКнын башка кызматкери катары тааныштырды. Менден Facebook баракчама жазган билдирүүмдү алып коюну өтүнүп, телефондон эле такташа турган болгонун, тоого келбей калганын айтты. Суроолорунда ал катты кайдан алганыбызды сурады".

Алимова "ПолитКлиника" басылмасына фейк аккаунттардын басымы күчөп жатканын, ар кандай каралоо, медианы жабууга үндөгөн чакырыктар жазылып жатканын кошумчалады.

Спикердин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев документти жаманатты кылуу максатын көздөгөн жана атайлап жасалган деп эсептейт. Алар "ПолитКлиника" басылмасынан жаңылыкты алып салууну талап кылууда.

"Мен ал каттын мазмуну менен таанышып, номурун карагандан кийин Жогорку Кеңештин каттар бөлүмүнө кайрылгам. Адистер менен биргеликте катта көрсөтүлгөн номур жок экенин, бул кат жасалма экенин тактап чыктык. Ошого да карабастан аталган басылма катты жарыялап койду. Жалган маалыматты жарыялоо журналисттик иштин эрежелерине жана тиешелүү мыйзамдарга да туура келбейт. Төраганын атын булгоо аракетинде жазылган жалган катты кечиктирилгис түрдө алып салууну талап кылдык. Технология өнүгүп жатканынан пайдаланып жазылган, адамдын намысына шек келтирген нерсени жарыялоо - төраганын, жалпы Жогорку Кеңештин аброюна шек жаратууда. Биз "ПолитКлиника" басылмасынан дагы бир ирет бул жаңылыкты бардык ресурстардан алып салуусун суранабыз", - деген Деркембаев спикердин азырынча сотко кайрылуу ниети жоктугун белгиледи.

Ошол эле кезде ал 7-майда Улуттук каналда жарыяланган жана каттын жалган экенине басым жасалган сюжетте эгерде аталган басылма кабарды өчүрбөй турган болсо,"Анык эмес жалган маалымат жөнүндө" мыйзамга ылайык кадамдар жасаларын кыйытты.

Бул маселе боюнча башкы көзөмөл органы жооп бере элек. УКМК да журналисттин суракка чакырылганы боюнча маалымат бербеди.

"Азаттык" каттын сүрөтүн тараткандар менен байланыша алган жок.

Парламенттин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошеванын пикиринде, маселенин чоо-жайын тиешелүү органдар аныктап чыгышы керек. Ошол эле учурда ал Бакиевди актоо аракети мурда да көрүлгөнүн эске салды:

"Албетте, кат тууралуу суроого Нурланбек Шакиев өзү ачык жооп бериши керек. Бул кат 2022-жылы жарыкка чыкса, ошол кезде актуалдуу болмок эмес. Ал эми Садыр Жапаров президенттерди Дубайда чогултуп сүйлөшкөн соң, Аскар Акаевди реабилитация кылган соң, убактылуу өкмөттүн негизги мүчөлөрүн, Ош окуясына, Апрель окуясына күнөөлүүлөрдү өзүнүн буйругу менен элчи кылып шайлаган соң, "Бакиевдерди актаганга болбойт" деген сөз акыйкаттыкка жатпай калат. Ошондуктан бийлик актайм деп, ак барактан баштайм дей турган болсо, анда баарын акташ керек. Кан төгүүлөр ар бир президенттин тушунда болду. Ошондуктан актайбыз десе баарын бирдей актасын. Жазаланыш керек десе, анда баарын бирдей жазалаш керек болчу. Бул кат өтө олуттуу кат, Шакиев жазбаса, анда ким жазды?", - деп суроо салды Жолдошева.

Активист Мавлян Аскарбеков сөз болгон документти элдин реакциясын текшерүү аракети катары баалады. Мындай кабарды жарыялаганы үчүн журналисттерди суракка чакыруу аракетин сынга алды:

"Дүйнөлүк басма сөздө айтылгандай, "утечка информации" деген болуп кетти. Азыр биз бул кат канчалык деңгээлде расмий жазылганын билбейбиз. Мындай каттарды айрымдар коомдук дискредитация, саясий аракеттерди жасоо үчүн фейк аккаунттар аркылуу чыгарышы мүмкүн. Биз эске алчу жагдай - кээ бир күчтөр тарабынан Бакиевдерди реабилитациялоо аракеттери болуп жатат. Ушундай каттар аркылуу коомчулуктун пикирин, мамилесин билүү максатында атайын чыгарылышы ыктымал. Кескин реакция, терс пикир болсо, анда реабилитациялоо маселесин токтотуп туруу жагы каралат. Бирок, бул кат жөн жерден чыккан жок, балким ошол эле Бакиевдер тарабынан социалдык тармактарга жайылып аткандыр. Бакиевдер эмес, Атамбаевди да реабилитациялоо аракеттери азыр деле бар. "Шакиевдин каты" делген маалыматты жазганы үчүн журналисттерди суракка чакыруу туура эмес, анын аныктыгын органдар текшериши керек. Өзүңүздөр көрүп тургандай соңку тенденцияларда сөз эркиндигине, медиа каражаттарына, журналисттерге кысым көбөйүп баратат".

“ПолитКлиника” – Кыргызстандагы саналуу көз карандысыз, эркин медиалардын бири. Акыркы жылдары коомчулукта резонанс жараткан жыйырмага жакын иликтөө жасаган. Ондогон дата-макалаларды, эксклюзивдүү маектерди, аналитикалык макала жана фактчекингдерди даярдап, кыргыз тилинде сапаттуу контент чыгарып турат.

Быйыл 18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту ЭлТР мамлекеттик телеканалынын “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызын карап баштаган.

Нурланбек Шакиев Бакиев бийликте турганда анын басма сөз катчысы болуп иштеген жана ага кеңешчи дагы болгон.

Февраль айында Дубайда Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусуна Курманбек Бакиевдин катышканы талаш-талкуу жараткан. Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратып, "Жапаровдун мурдагы президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок" экенин билдирген.

Мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтынын алдына чогулган апрелчилерден турган коомдук бирикмелердин 40тан ашуун мүчөсү Курманбек Бакиевдин акталышына жана 7-апрелдин жылнаамадагы статусун өзгөртүү сунушуна байланыштуу бийликке кайрылуу жасаган.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *