Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшү башталды
"Өлбөс полк" жүрүшү Бишкек шаарындагы Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Түштүк дарбазадан башталып, Жеңиш аянтына чейин уланат. Иш-чара маалында бир катар көчөлөр жабык болот.
"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-2021-жылдары жүрүш болгон эмес. 2022–жылы өткөрүлгөн.
Бул күнү Жеңиш аянтында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда митинг-реквием өтөт.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун 64 ардагери калды. Бир жыл мурда алардын саны 100дүн тегерегинде болчу.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.
Быйыл бул согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет.