Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

"Социал-демократтар" фракциясы циркти текшерүүнү сунуш кылды

0

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Социал-демократтар" фракциясы башкы прокурорго жана Маданият, маалымат, жашар жана спорт министрлигине кайрылуу жолдоп, Бишкек циркин текшерүүнү талап кылды. Кайрылуу фракция башчысы Кадырбек Атамбаевдин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. 

Анда кыргыз мамлекеттик циркинин имараты оор абалда турганын, аны айтып чыккан артисттер куугунтукка алынып жатканы жазылган.

"Коррупциялык схемалардан улам цирк кыйроо алдында турат. Көп жылдан бери иштеген кызматкерлердин сөзү боюнча, цирктин имаратында эки чыгырыгы менен казино да иштептир. Мындан тышкары цирк имаратынан алынган сүрөттөрдөн деле акыбалы канчалык оор экени көрүнүп турат. Цирктеги терс көрүнүштөрдү ачык айтып чыккан Асланайым Ашированы "майып" деп шылдыңдашты. Көп жанрлуу адис Айбек Момуновго цирктин эшиги жабык экен", - деп айтылат кайрылууда. 

"Социал-демократтар" фракциясы цирктин жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону, жарандык коом, журналисттер менен чогуу текшерүүнү жана эмгек жамаатына жетекчи тандоосуна шарт түзүп берүүнү талап кылган.

Башкы прокуратура, ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Маданият, маалымат, жашар жана спорт министрлиги буга жооп бере элек. 

Мамлекеттик цирктин жетекчилиги да комментарий бере элек. Мекемени  Фархад Бекманбетов 2019-жылдан бери жетектеп келет.

Өткөн айда цирктеги жаныбарлардын, жалпы эле имараттын абалы аянычтуу экенин анда иштеген айрым кызматкерлер социалдык тармактарга жарыялашкан.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *