Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Талас облусунун жетекчилиги УКМКнын билдирүүсүн четке какты

0
Талас облусунун жетекчилиги УКМКнын билдирүүсүн четке какты

Президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Талас шаардык мэриясынын жана облустук өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тигүү фабрикасын курууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн деген маалыматын четке какты. Бул туууралуу 12-майда облустук бийлик тараткан билдирүүдө айтылат. 

"Тигүү фабрикасын куруу долбоорунун документтери “Мамлекеттик экспертиза” мекемеси тарабынан такталып, эреженин негизинде экспертизадан өткөн. Андан кийин Талас шаардык мэриясы өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешине берип, долбоор колдоо тапкан. Ошондой эле мэрия жана облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы тендер жарыялаган. Анын жыйынтыгы менен 2022-жылы 17-октябрда тигүү цехин куруу долбооруна 79 млн. 891 миң 791 сом сунуштаган “Ника KG” компаниясы жеңүүчү болуп, тиешелүү келишим түзүлгөн. Курулуш иштери 2022-жылы ноябрь айында башталып, 25 млн. сом алгачкы транш катары которулган. Бүгүнкү күндө курулуш жүрүп, тийиштүү мекемелер ага көзөмөл жүргүзүп жатат жана эч кандай мыйзам бузулган эмес, мамлекетке зыян келди деген маалыматтар чындыкка дал келбейт", - деп жазылган маалыматта.

УКМК 11-майда Талас облустук өнүктүрүү фондунун алдындагы байкоочу кеңеш тигүү фабрикасын курууда сметалык документтери жана максатка ылайыктуу корутундусуз эле 82 миллион сомдук долбоорду мыйзамсыз колдогон деген маалымат тараткан. Ишкананы куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилгени кабарланган.

2022-жылы шаардык мэрия миң орундуу тигүү цехин куруп, "Кул Брос" тигүү ишканасына ижарага берери, аны облустук өнүктүрүү фонду каржылай турганы айтылган. (MKt)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *