Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Ысык-Көлдө Run the Silk Road эл аралык марафону башталды

0
Ысык-Көлдө Run the Silk Road эл аралык марафону башталды

13-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Run the Silk Road эл аралык марафону башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Спорттук иш-чаранын алкагында марафон (42 км 195 м), жарым марафон (21 км 97 м), 10 км, 3 км аралыктарында жана скандинавиялык басуу боюнча жарыштар өтүүдө. Жалпы байге фонду 1 млн. 534 миң сомду түзөт.

Марафон ШКУнун эгидасынын алдында 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл 4-жолу өтүп жаткан иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн 3 миң катышуучу катталган. Анын ичинде Казакстан, Беларус, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандан келген алдыңкы спортчулар да бар.

2021-жылы Ысык-Көл марафону Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын Label Road Races аталышындагы календарлык планына киргизилген. Ошондой эле марафондун талаптарын аткарган спортчулар Азия оюндарына, дүйнө чемпионатына жана Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк алышат. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *