Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Мирлан Жээнчороев акыйкатчы  кызматына талапкер болуудан баш тартты

0
Мирлан Жээнчороев акыйкатчы  кызматына талапкер болуудан баш тартты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев акыйкатчы  кызматына талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев "Азаттыкка" кабарлады. Буга чейин Жээнчороевдин талапкерлигин парламенттеги “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Элдик” депутаттык тобу көрсөткөн.  

Парламенттеги “Ата Журт- Кыргызстан” фракциясы акыйкатчылыкка Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөткөнү белгилүү болду. 46 жаштагы Жаманбаева буга чейин башкы прокурордун орун басары болгон.

Мирлан Жээнчороев парламенттин мурдагы бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон, "Альянс" партиясынын тең төрагасы.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган.

19-апрелде парламенттеги "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаттары акыйкатчынын өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу баяндамасын угуудан баш тартып, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү жана кызматынан мөөнөтүнөн мурда алууну сунушташкан. Көп өтпөй президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев акыйкатчы карапайым адамдардын укугун коргобойт деп сындап чыккан.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Абдрахматованын кызматтан кетишине байланыштуу кабатырлыгын билдирген.

"Хьюман Райтч Уотч" укук коргоо уюму, Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү баштаган бир катар эл аралык мекемелер, Укук коргоочулардын глобалдык альянсы Абдрахматованын ишин жогору баалаган билдирүү таратып, бийликти аны иштен албоого чакырышкан. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *