Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Жаңы-Өзөндө мурдагы мунайчылар бийликке кайрадан кайрылуу жолдошту

0

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында 15-майда жүздөн ашуун жумушсуз мунайчылар президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылышты.

Алар бир жарым айдан ашык убакыт өтсө да туруктуу жана татыктуу акы төлөнүүчү жумушка орноштуруу талаптары аткарыла электигин айтууда.

Нааразылыкка чыккандар апрелден бери "Өзөнмунайгаз" ишканасынын имаратынын алдында күн сайын чогулуп жатканын белгилешти.

10-апрелде "Берали Маңгыстау" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери Астанага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар татыктуу иш менен камсыздоону талап кылып, сыртта түнөшкөн. 11-апрелде кечинде полиция баарын күч менен кармап кеткен. Эртеси алар бошотулуп, поезд менен Маңгыстауга жөнөтүлгөн.

Акыркы жылдары Маңгыстау облусунда жумушсуздардын нааразылык акциялары жана мунайчылардын иш таштоосу тез-тез болуп жатат. Негизинен эл мунай тармагында иш менен камсыздоону, эмгек шарттарын жакшыртууну, татыктуу маянаны талап кылууда.

Бийликтен азырынча буга комментарий боло элек.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *