Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Садыр Жапаров 18-майда мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

0
Садыр Жапаров 18-майда мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-20-май күндөрү Кытайга мамлекеттик сапар менен барат.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевге шилтеме берип билдирди.

Ал Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн жана эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу боюнча маселе талкууланарын айтты.

Садыр Жапаров андан тышкары Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, башка расмий өкүлдөр жана ишкерлер менен жолугушат.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *