Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Пенсиялык фонддогу каражатка каалаган компаниядан үй алууга уруксат берүү сунушталды

0
Пенсиялык фонддогу каражатка каалаган компаниядан үй алууга уруксат берүү сунушталды

Кыргызстанда жарандарга пенсиялык топтоо фондундагы каражатка турак жай сатып алууга жол берген мыйзам долбоору 15-майда коомдук талкууга коюлду.

Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган долбоор жарандын пенсиялык фонддогу каражатын жеке курулуш компанияларга салып, үй алуусуна шарт түзөрү жазылган.

“Мыйзам долбоору менен жарандарга ар кандай курулуш субъекттеринен (курулушчудан, курулуш компаниясынан) турак жай сатып алууда топтолмо пенсиялык фонддогу өз каражаттарын баштапкы төлөм катары пайдаланууга мүмкүндүк берери болжолдонууда. Рынокто турак жайды беш жылга чейин пайызсыз узартып төлөө менен сатуучу курулуш компаниялары көп. Турак жайды пайызсыз бөлүп-бөлүп сатып алууну каалагандар көп, бирок көбүнчө алар жетиштүү баштапкы төлөмдү, көбүнчө жалпы нарктын 30% төлөөгө туш болушат. Бул түзөтүү жарандарга ашыкча төлөбөстөн жана пайыздык төлөмдөрсүз турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берет”.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде жазылгандай, Кыргызстанда мамлекеттик ипотека аркылуу үй алуу үчүн 70 миң 43 киши кайрылса, анын 8301и турак жай менен камсыз болгон. Дагы 12 миң 241 киши кезек күтүп турат.

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде ипотекалык үйлөрдүн курулушу тууралуу маалымат берген. Анда ал Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек шаарына 6 миңден ашык батирлерди саларын айткан.

Таласта жана Нарында курула турган үйдүн долбоору даярдалып жатканын, Жалал-Абадда 200дөн ашуун батир түшүп жатканын белгилеген.

Министрлер кабинети былтыр Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондундагы каражаттан ипотекалык төлөм үчүн колдонууга уруксат берген. Ага ылайык, ипотекалык насыясы бар жарандар, алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же насыя боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалана ала турган болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *