Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

ЖК комитети жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүүнү колдоду

0
ЖК комитети жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүүнү колдоду

16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду биринчи окууда колдоду.

Документтин авторлору мыйзамдын азыркы редакциясында карама-каршылыктар жана коррупциялык коркунучтар бар экенин, бардык укуктар ЖМКга каршы арыздангандарга гана берилип калганын жана мамлекеттик органдар анын арызынын негизинде эле сайтты бөгөттөп коюп жатканын айтышкан.

Мыйзам долбоорунун авторлору доомат коюлуп жаткан ЖМКга да укук берүүнү, арызды кароодо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине медиа каражатынын өкүлдөрүн да чакырууну сунуштады.

Документти депутаттар - Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков иштеп чыккан.

Мыйзам долбоору комитетте каралардын алдында Кыргызстан медиа аракет платформасы Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүнү колдоого чакырган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал порталдан алынышы керек. Талап аткарылбаса, сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөт. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *