Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

ЖМК мыйзамы боюнча жыйын үзгүлтүккө учурады

0
ЖМК мыйзамы боюнча жыйын үзгүлтүккө учурады

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча бүгүн 16-майга белгиленген талкуу үзгүлтүккө учурады. Буга долбоорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумуш тобундагы медиа тармактын өкүлдөрүнүн президенттик администрацияга нааразылыгы себеп болду.

Жыйынга төрагалык кылган президенттин жана өкмөттүн укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Айылчиев мыйзам долбоору бир күн мурда коомдук талкууга чыгарылганын, бирок талкууну уланта берсе болорун айтып, ар бир берене боюнча ишти баштоону сунуш кылды жана жумуш тобунун мыйзамдуу мөөнөтү аяктаганын тастыктады.

Буга медиа тармактын өкүлдөрү нааразылыгын билдирип, сунуштарын бийлик таптакыр укпай койгонун, жарым жыл ичинде эки гана жолугушуу болуп, алар протоколдук тапшырма мүнөзүндө өткөнүн, ар бир берене боюнча талкуу болбогонун айтып, мөөнөтү бүтүп калган топтун иштөөсү да, чечими да мыйзамсыз экенин белгилешти. ЖМКга эркиндик бергендин ордуна аларды муунткан мыйзам болуп калганын айтышты.

Алмаз Айылчиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, кооптонууга негиз жок экенин билдирди:

“Биз аракет кылдык көп сунуштарын эске алганга. Бирок кээ бир нерселер бар, мисалы, Интернет басылмалар каттоодон өтүшү керек деген. Себеби, тилекке каршы, алардын кээ бирлери чыгарган маалыматта адам укугу бузулган болушу мүмкүн. Ал эми биздин Конституцияда “адам укугу кол тийгис, бирок эгер башка адамдардын укугун же улуттук коопсуздукту коргоо үчүн кээ бир адам укуктары мыйзам чегинде чектелиши мүмкүн деп жазылган”.

Жумуш тобунун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков мыйзам долбоору бийликтин гана позициясын колдогон, бир тараптуу болуп калганын айтты:

“Ар бир вебсайт каттоодон өтүшү керектиги жазылыптыр. Өзүнө жакпагандарды кайсы бир себептер менен каттабай коюуга ылайык бардык инструменттерди жазып коюшуптур. Экинчиден, мамлекеттик органдардын ишин чагылдыруу үчүн аккредитацияны атайын каттоодон өткөн гана журналисттер ала алары жазылыптыр. Ушул сыяктуу абдан бөгөттөгөн беш-алты пунктту киргизип жатышат биз менен бир да вариантты талкуулабай”.

Юрист Нурбек Сыдыков берене боюнча талкуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганга чейин өтүшү керектигин, андыктан президент койгон тапшырма үзгүлтүккө учураганын айтты. Алмаз Айылчиев ага комментарий берген жок.

Кыргызстанда ЖМК мыйзамы 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери ага өзгөртүү жана толуктоолор гана киргизилип келген. Таптакыр жаңы долбоору былтыр күзүндө иштелип чыккан.

Медиа уюмдар бийлик алардын пикирин эске албай иштеп чыккан бул долбоор сөз эркиндигине балта чабарын айтып чыгышкандан кийин президент Садыр Жапаров 7-декабрда мыйзамды “жеткире иштеп чыгуу үчүн” деген негизде 21 адамдан турган жумуш тобун түзгөн. Топтун курамына киргендердин 15и медиа тармагынан, калгандары бийликтин өкүлдөрү. (JEg/RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *