Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Жейми Флай "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенттигинен кетет

0
Жейми Флай

"Эркин Европа/Азаттык радиосунун" (Radio Free Europe/Radio Liberty - RFE/RL) президенти жана башкы директору Жейми Флай 30-июнда кызматтан кетерин жарыялады. Эл аралык медиа компаниянын башчысы үй-бүлөсүн АКШга кайра көчүрүп, жеке иштери менен алектенерин билдирди.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” башкаруучулар кеңеши туруктуу президент тапканга чейин корпорацияны Жеффри Гедмин убактылуу башкарат. Гедмин 2007-2011-жылдары корпорацияны башкарган, учурда Башкаруучулар кеңешинин мүчөсү.

Башкаруучулар кеңешинин төрагасы, элчи Карен Корнблу Жейми Флайга корпорацияга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын жетекчилигинде “Эркин Европа/Азаттык радиосу” өз миссиясын аткарууда бейтарап болуп, саясий кийлигишүүлөрсүз, угарман жана көрөрмандарга маалымат жеткирүүдө туруктуу калыс позицияны карманганын белгиледи.

Жейми Флай бул кызматка алгач 2019-жылдын июль айында дайындалып, 2020-жылдын июнуна чейин иштеген. Андан соң Германиядагы Маршалл фондунун президентинин улук кеңешчиси жана улук илимий кызматкери болуп эмгектенген. 2021-жылдын февралында Башкаруучулар кеңеши аны кайрадан “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жетекчилигине дайындаган.

Флай корпорацияны башкарууда орусиялык жана кытайлык жалган маалыматка каршы туруу жана элге ишенимдүү жаңылыктарды жеткирүү үчүн комплекстүү пландарды иштеп чыгууга көңүл бурду. Ригада жана Вильнюста бозгундагы журналисттерди жайгаштыруу ишин уюштуруп, жаңы программаларды даярдоо үчүн жаңы бюролор түзүлдү.

Цензурага жана жалган маалыматка каршы Санариптик инновациялар лабораториясы ишке киргизилип, журналисттик иликтөөгө көбүрөөк басым жасалды.

Жейми Флай "Азаттык Медианын" ишине байланыштуу Кыргызстанга бар канча жолу барып, мурдагы жана азыркы бийлик башчылары менен жолугушууларды өткөргөн.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Флай соттун "чектен чыккан" чечимин сындап, "Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат", - деген.

"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *