УКМК: Ысык-Көлдө соттун жер боюнча чечими текшерилүүдө
Ысык-Көлдө жергиликтүү сот органынын мыйзамсыз чечиминен улам мамлекетке 42 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин бүгүн, 16-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 2015-жылы Ысык-Көл районунда болгон, Чок-Тал айылынын аймагында жайгашкан Royal Beach мейманканасынын аймагында 8,19 гектар жер тилкеси жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен.
Атайын кызмат буга Ысык-Көл райондук сотунун ошол кездеги чыгарган чечими негиз болгонун, азыр бул ишке байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын маалымдады.
Мамлекеттик каттоо кызматына каттоого алынган райондук соттун чечиминде келтирилген маалыматта айырма бар экени, жеке колго өткөрүлүп берилген жердин аянты 2,05 гектарга кем жазылып калганы, сот өзүнө материалдык пайда алышы үчүн бир эле иш боюнча жердин аянты түрдүү жазылган эки башка чечим чыгарганы айтылды.
Чечим чыгарган тарап атайын кызматтын бул маалыматы боюнча комментарий бере элек.
Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)