Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

БУУ: алдыдагы беш жылда абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет

0
БУУ: алдыдагы беш жылда абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет

Парник газдарынын топтолушу жана Эль-Ниньо кубулушунан улам  алдыдагы беш жылда дүйнөдө абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму 17-майда тараткан маалыматта айтылат. 

Эль-Ниньо — Тынч океандын борбордук жана экватордук бөлүгүндө температуранын кескин жогорулашы. Мындай кубулуш адатта ар бир эки же жети жылда кайталанат.

«Жакынкы айларда Эль-Ниньо кубулушу болору күтүлүп жатат. Мындан улам глобалдык температура кескин жогорулашы мүмкүн. Мунун саламаттык, азык-түлүк коопсуздугу, суу ресурстары жана айлана-чөйрөгө кесепети тийет. Биз даяр болушубуз керек», - деп жазылат уюм тараткан билдирүүдө.

Адатта Эль-Ниньо кубулушунан кийин бир жыл ичинде глобалдык температура жогорулайт. Бул жолу ал 2024-жылга туш келиши мүмкүн.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *