Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Бейөкмөт уюмдар мыйзамы боюнча алгачкы сот отуруму өттү

0
Бейөкмөт уюмдар мыйзамы боюнча алгачкы сот отуруму өттү

Бүгүн 17-майда Конституциялык сотто “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдагы айрым нормаларга байланыштуу жазган арызы боюнча алгачкы отурум өттү. Уюмдун адвокаттары сотко Жогорку Кеңештин эксперттерин жана Казакстандан көз каранды эмес экспертти чакыруу өтүнүчүн келтиришти, сот аны канааттандырып, кийинки отурумду 7-июнга белгиледи.

Уюмдун маалыматына караганда,  адвокаттар мыйзам боюнча жүргүзүлгөн экспертизалар тууралуу Жогорку Кеңештен түшкөн жоопко байланыштуу кошумча суроолору пайда болгонун айтышты.

“Бир дүйнө Кыргызстан” бул мыйзамдын жаңы редакциясындагы үч берене өлкөнүн Конституциясынын беш беренесине карама-каршы келет деп, аларды жокко чыгарууну өтүнүп жатат.

“Конституциянын 36-беренеси ар бир адамга биригүү эркиндигин кепилдейт, бул коомдун жана мамлекеттин базалык баалуулугу. Бул укук улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башкалардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында гана чектелиши мүмкүн. Ал эми жаңы нормалар түйшүк жараткан мүнөзгө, басмырлоочу багытка ээ, бейөкмөт уюмдарды кошумча убарага салат жана жарандардын тең мүмкүнчүлүктөргө, биригүү эркиндигине болгон укуктарын чектейт”, - деп айтылды “Бир дүйнө Кыргызстандын” билдирүүсүндө.

2021-жылдын 17-июнунда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам кезектеги өзгөрүүгө дуушар болгон. Ага ылайык, коммерциялык эмес уюмдун кирешеси, мүлкү, чыгымдары коммерциялык сыр деп эсептелбейт жана уюмдар кошумча отчет берип турууга милдеттендирилет. Уюм коммерциялык эмес уюмдар ансыз деле башкалар сыяктуу мамлекеттик органдарга отчет берип турарын белгилөөдө. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *