Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Ош милициясы: Чүйдө жок кылынган шектүү оор кылмыштарга айыпталган топтун мүчөсү болгон

0
Ош милициясы: Чүйдө жок кылынган шектүү оор кылмыштарга айыпталган топтун мүчөсү болгон

Чүйдө 17-майда күч органдарынын атайын операциясы учурунда жок кылынган адам Ош аймагында бир нече оор кылмышка шектелип жаткан топтун мүчөсү болгонун “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:

“Банданын дагы бир мүчөсү ошол жактан кармалды. Бүгүнкү каза болгон террорист ошол. Бүгүнкү Чүйдө болгон окуяга да катыштыгы бар ошол баланын. Ошто тогуз адам бар азыр - сегиз эркек, бир аял. Чекит коюла элек. Комплекстүү ыкчам издөө, кармоо иштери уланып жатат. Бир нече курал-жарак алынган. Бишкектин, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын ички иштер органдары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен биргеликте коопсуздук иш-аракеттерин жүргүзүп жатабыз. Ноокатта да бир кылмышка тиешеси бар деп жатышат, УКМК кызматкерине кол салган деген. Диний экстремизмге жана каракчылыкка ыктаган кылмыштуу топ болуп жатат”. 

Ошто быйыл январда ишкерлердин каражаты деген ири суммадагы акча жүктөлгөн жолтандабас машина аткыланып, каракталган. Анда эки адамга ок тийген. Жакында эле акча алмаштыруу жайларынын биринде 3,6 миллион сом каракталып, акчанын ээси аёосуз токмоктолгон. Ош милициясы бул кылмыштарга шектелип жаткан топтун зордуктоого, атайын кызматтын кызматкерине кол салууга да тиешеси бар экенин айтууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-майда УКМК менен биргеликте Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзгөнүн, натыйжада ал жок кылынганын билдирди. Шектүү кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнү маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлиги Дмитриевка айылындагы атышуудан күч органдарынын эки кызматкери жаракат алганын кабарлады. Бирөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйүндө дарыланмай болду, ал эми жамбашына ок тийген экинчи кызматкер Улуттук госпиталга жеткирилди.

Айрым сайттар атышуу айылдагы медреседе болуп жатканын жазышкан. Бирок муфтияттын басма сөз кызматы окуя Дмитриевка айылындагы “Зулкарнайн” кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда болгонун, медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *