Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

УКМК: “Каракол” аэропортунун жетекчилигине кылмыш иши козголду

0
УКМК: “Каракол” аэропортунун жетекчилигине кылмыш иши козголду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы “Каракол” аэропортунун жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. 

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренеси менен тергелип жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы “Каракол” аэропортунун кызмат адамдары аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, андагы баалуу металлдарды мыйзамсыз сатып жибергени аныкталганын билдирди.

“Каракол шаарында алтынды аффинаждоочу жер астындагы лаборатория табылган, кийин ал тиешелүү экспертизанын корутундусу менен тастыкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат аэропорттун кайсы кызмат адамдарына иш козголгонун, алардын аты-жөнүн тактаган жок. Аэропорт УКМКнын маалыматы боюнча комментарий бере элек.

Ушул тапта “Каракол” эл аралык аэропорту модернизациядан өтүүдө. Аэропорттун аэровокзал комплексинин жаңы имараты курулуп, учуу-конуу тилкеси узартылып жатат. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *