Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

0
Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

18-20-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

19-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 24…26 градус жылуу болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *