Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Дин эркиндиги: Кыргызстанда кошуналарга караганда абал дурус

0
Дин эркиндиги: Кыргызстанда кошуналарга караганда абал дурус

Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу дин тутуу эркиндиги бар, бирок диний азчылыктардын укугу чектелген жагдайлар кездешүүдө. АКШнын Мамлекеттик департаментинин Дин эркиндигинин абалы тууралуу жылдык баяндамасында ушул өңдүү айрым учурларга көңүл бурулду.

Мунун алдында Эл аралык диний эркиндик комиссиясы отчетун чыгарган. Анда Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандан башка мамлекеттер “өзгөчө тынчсыздануу жараткан” жана “өзгөчө байкоо салуу сунушталган” өлкөлөрдүн катарына кирген.

Жергиликтүү адистер Кыргызстанда диний эркиндик бар болгону менен  жоопкерчилик маселеси экинчи планда калып калган жагдайларга тынчсызданышат.

Кыргызстандагы абалга кыскача сереп

Мамлекеттик департаменттин дүйнөдө 2022-жылдагы дин тутуу эркиндиги тууралуу баяндамасы 15-майда чыкты. Анда ондогон мамлекеттердеги абал сүрөттөлөт.

Документте Кыргызстандын Баш мыйзамы абийир жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берери, диний кастыкты козутуучу аракеттерге тыюу салары белгиленген. Ошол эле кезде “Жахабанын күбөлөрү”, теңирчиликти жактагандар, "Ахмадия" мусулмандар жамааты расмий диний уюм болуп каттоодон өтө албай, тоскоолдуктарга дуушар болуп жатканы айтылат.

Айрым жерлерде мусулман эмес диний азчылыктар маркумдардын сөөгүн жерге берүүдө тоскоолдуктарга туш болушары жазылып, бул жагдай укук тебелөө катары сыпатталган. Мындай окуялар Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында 2019-2020-жылдары болгон.

Баяндамада кыргыз бийлиги 21 диний уюмга, агымдарга тыюу салганы белгиленип, 2022-жылы “Хизб-ут-Тахрир”, “Йакын Инкар” өңдүү агымдардын 39 мүчөсү кармалган, соттолгон учурларды мисал келтирген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, соттун чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир", "Йакын Инкар" жана башкалар бар.

АКШ Мамдепартаментинин баяндамасында, 6 миллиондон ашуун калкы бар Кыргызстанда элдин 90% жакыны мусулмандар, алардын көбүн суннилер, бир пайызга чукулун шиилер түзөрү жазылган. Ошондой эле эл аралык уюмдар "Ахмадия" мусулмандар жамаатынын миңдей өкүлү бар экенин белгилеп келишет. Калктын жети пайызын христиандар, үч пайызын иудаизм, буддизм, бахаи жана башка диндерди тутунгандар түзөт.

Чөлкөмдөгү жагдай

Мамлекеттик департаменттин баяндамасында, Борбор Азиядагы мамлекеттерден Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда дин тутуу эркиндиги жаатында олуттуу көйгөйлөр бар экени белгиленген. Буга диний азчылыктардын укуктарын чектөө жана адамдардын диний көз караштарына байланыштуу камалышы мисал келтирилген.

Апрелде АКШнын Эл аралык диний эркиндик комиссиясы (USCIRF) дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалы жөнүндө жылдык баяндамасын жарыялаган.

Комиссия АКШнын Мамлекеттик департаментине 17 өлкөнү дин тутуу эркиндиги боюнча “өзгөчө тынчсыздануу жараткан мамлекеттер” катары көрсөтүүнү сунуштаган. Алардын арасында Тажикстан да бар. Баяндамада тажик бийлиги дин жана ишеним эркиндигине болгон укуктардын ырааттуу түрдө бузулушуна жол берип жатканы айтылат. Комиссия Мамдепартаментке диний эркиндиктин жетишсиздигинен Тажикстанга зарыл болсо санкция салуу демилгесин көтөргөн. Ушундай эле сындар Түркмөнстанга да таандык.

Өзбекстан менен Казакстан “өзгөчө байкоо салуу” сунушталган 11 мамлекеттердин катарында. Кыргызстан бул эки категорияга да кошулбай, чөлкөмдө дин тутуу эркиндиги бар жалгыз өлкө катары көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү адистердин пикири

Укук коргоочу Эржан Кайыпов динге байланыштуу көрүнүштөрдү талдап, анализ жүргүзөт. Буга чейин ал Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын Экстремизм менен күрөшүүдөгү укук бузуулар долбоорунда эмгектенген. Кайыпов АКШ мамдепартаментинин баяндамасы Кыргызстандагы абалды жалпысынан туура чагылдырганын билдирип, Кыргызстандагы кемчиликтерге токтолду:

“Кыргызстанда эки көйгөй бар. Анын бири мамлекетке, экинчиси коомго таандык. Мамлекеттин катасы – экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө адам укуктарын кемсинтүүгө барганы. Мындай абал радикализмди кайра күчөтөт. Ал эми коомдун көйгөйү - кастык тилинин, жектешүүнүн, стереотиптердин кеңири жайылуусу. Мисалы, 17-майда Ысык-Ата районунда бирөөнү атып өлтүрүштү. Сот чечими жок эле аны “террорист” деп аташты. Анын кай жерден экенине басым жасалды. Мунун артынан жектешүү, бөлүнүү көбөйүшү ыктымал. Социалдык желеде айрымдар “мечиттерди жапкыла” деген чакырыктарды жаза башташты”.

Кыргызстанда жалпысынан үч жарым миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндерге таандык.

Өлкөдө тыюу салынган диний уюмдар же агымдардын көбү Ислам динине байланыштуу. Диний ишенимине байланыштуу камакка алынган же соттолгондордун көбү мусулманчылыктын түрдүү агымдарын кармангандар. Дин таануучу, тарых илимдеринин кандиаты Канатбек Мурзахалилов муну мындай чечмеледи:

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда иштеп жаткан 3684 диний уюмдун 85% ашууну Ислам динине байланыштуу. Калктын 90% жакыны мусулманчылыкты кармангандыктан, ислам ааламындагы абал көңүлдүн борборунда турат. Тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрүнүн кармалышы, терроризмге, экстремизмге каршы мамиле, мусулманчылыкка тиешелүү жамааттардын ишмердүүлүгүн кароо мамлекеттик саясатты ырааттуу улантууга негиз берет. Диндарлар ислам чөйрөсүндө болобу, христиандык багытта болобу, же башка динди тутунгандар болобу, өз укуктары менен кошо мамлекеттин алдындагы милдеттерин унутпоого тийиш".​

Мурзахалилов милдет дегенде стереотиптерге байланышкан диний чакырыктарды, аялдардын укуктарын чектеген эрежелерди, тигил же бул динди тутунгандарды, атеисттерди жектеп, кастык козуткан түшүнүктөрдү айтып жатканын белгилеп, а дегенде мыйзамдан аша чаппай ой жүгүртүүгө көңүл буруу керектигин кошумчалады. 

Радикализмге жол бербөө аракети

2013-2015-жылдары кыргызстандыктар арасында диний радикал уюмдарга ар кандай жолдор менен кошулуп кеткендер көбөйгөнү жөнүндө расмий маалыматтар берилген. Ошол кезде дүйнөгө бүлүк салып турган "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына кошулуп, Сирия менен Иракка жоочулардын арасына кошулуп кеткен ондогон жарандар болгон. Мындан улам мамлекет диний радикализмдин алдын алуу иш-чараларын күчөтүүгө өткөн.

Динге байланыштуу кийимдерди же эрежелерди таңуулаган топтор менен динди жактабаган кишилердин арасында талаш-тартыштар социалдык түйүндөрдө кээде кездешип турат. Айрым аймактарда диний ишениминен улам кыздарды билим алуусуна уруксат бербегендер болот. Мектепке жоолук же хижаб оронуп келгени үчүн мугалим менен ата-энелердин ортосунда пикир келишпөөчүлүк жаралган фактылар катталган.

Бир катар мамлекеттерде "кара тизмеге" кирген "Таблиги жамаат" уюмуна Кыргызстанда тыюу салынган эмес. Анын мүчөлөрү көбүнчө үймө-үй кыдырган дааватчылыкты жайылтышат.

2022-жылдан тартып орто мектептердин программасына "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы кирди. Мамлекет башчысынын жарлыгындагы талаптар боюнча, бул предметтен сабак берген мугалимдердин диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөнү жөнүндө сертификаты болушу керек. Бул предмент азыр 9-класстарга окутулууда. Кийинки жылдардан 7-8-класстарга да киргизиле баштайт.

Өлкөнүн эгемен тарыхында үч жолу диний концепция кабыл алынган. Ар бири алты жылдык мөөнөттө мамлекеттик диний саясатты тартипке келтирүү максатын көздөйт. Акыркы кабыл алынган концеция 2021-2026-жылдарга багытталган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган.

Мусулмандардын эки майрамы - Курман айт жана Орозо айт, христиандардын Рождество майрамы жылнаамада кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү деп бекитилген. Андан тышкары, Пасха да белгиленет. Айт намаздары бийлик башындагылардын катышуусунда аянттарда окулат.







СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.

ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу


Первый Международный фестиваль «Мир классического романса»

Modest fashion day 2024

Smena SS-2024

Сэкономить и оторваться с Angsana Velavaru


Scotland star SENT OFF after ‘worst tackle ever seen’ as they capitulate in Euro 2024 opener against Germany

McDonald's Grimace showed Mets fans what happens when something goes right this season

Vavada Casino: a Leader in the Online Gaming Industry

Virtual Luck: Exploring Vavada Casino


ONLY TODAY! COMPLETE BUNDLE WITH LIDIA ONLY $69

Прогулка по Москве 1962 года

Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона


Для Summoners Kingdom: Goddess проходит пробный запуск на Android

По аниме и манге «Кайдзю № 8» выпустят PC и мобильную игру — Kaiju No. 8 THE GAME

Embracer has closed Alone in the Dark studio Pieces Interactive

Создатели Warframe упомянули Android-версию в интервью TouchArcade


Монтаж димоходів та вентиляційних систем у Києві


Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге

В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.


Токсичный бизнес: за медицинской помощью с симптомами отравления в Москве обратилось более 120 человек

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона

В Казани зафиксировали шесть случаев подозрения на ботулизм


Сергей Собянин: Активно укрепляем отношения с Китаем

Полковнику ВСУ, приказавшему сбить русский самолет, избрали меру пресечение

Путин летит к Ким Чен Ыну. Россия и Северная Корея станут стратегическими партнёрами

Что предвидел Александр Починок и о каких событиях предупреждал? Почему его многие называли Аль Пачино


Самсонова выиграла турнир WTA в Хертогенбосхе

Курникова показала трогательные фото Энрике Иглесиаса

Самсонова обыграла Александрову и вышла в финал турнира WTA в Хертогенбосхе

Кирилл Скачков из Новокузнецка стал победителем Игр стран БРИКС-2024


Воробьев поздравил дивизию имени Дзержинского со 100-летием

Полковнику ВСУ, приказавшему сбить русский самолет, избрали меру пресечение

Что предвидел Александр Починок и о каких событиях предупреждал? Почему его многие называли Аль Пачино

Россия и КНДР обсудили возможность запуска прямых авиарейсов


Музыкальные новости

Джиган о «Выжить в Дубае»: «Понимал, приеду — буду жрать тараканов, а у меня диета. Опять стану жирным!»

Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.

«Бах vs Чайковский» под величественными сводами Петрикирхе.

Триумфальное возвращение Льва Лещенко на сцену спустя месяцы затишья. Артист презентовал дуэт с солистом группы “Парк Горького” Сергеем АРУТЮНОВЫМ


Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона

Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге

СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.


РБК: в Москве из-за случаев ботулизма приостановили продажу некоторых продуктов

Триумфальное возвращение Льва Лещенко на сцену спустя месяцы затишья. Артист презентовал дуэт с солистом группы “Парк Горького” Сергеем АРУТЮНОВЫМ

Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге

Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.


В Москве движение на участке Боровского шоссе перекрыли из-за осадков

Движение на участке Боровского шоссе приостановлено из-за сверхинтенсивных осадков

Движение на участке Боровского шоссе в Новой Москве ограничили из-за подтопления

Фест, байк, рок-н-ролл. Как в Москве отметили День мотоциклиста


ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА. ПРО НАУКУ АКТИВНОЙ ВСЕЛЕННОЙ. ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД.

СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.

Путин летит к Ким Чен Ыну. Россия и Северная Корея станут стратегическими партнёрами

СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.


Зачем Марина Александрова уехала из Москвы в сибирскую глушь

ПМЭФ-2024: премиальный бренд HONGQI представил на Форуме свои флагманские и новые модели



Московский аэропорт Домодедово и Всероссийское общество инвалидов заключили соглашение о сотрудничестве

Сеть клиник «Будь Здоров» запустила собственное мобильное приложение для пациентов

В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника

Врач-дерматолог Мадина Байрамукова: что делать с "мурашками» на коже



В Лужниках состоялась церемония открытия Всероссийской Спартакиады Специальной Олимпиады

В УФСИН России по Республике Дагестан прошли лично-командные соревнования по легкой атлетике

Красногорск первым встретил участников международного супермарафона Москва-Минск

Военно-спортивный фестиваль Росгвардии в «Лужниках» собрал более 20 000 москвичей и гостей столицы



Собянин прибыл в Китай с рабочим визитом

Собянин: Москва и Пекин подписали программу сотрудничества на 2024-2026 годы

Сергей Собянин: Активно укрепляем отношения с Китаем

Собянин рассказал о росте турпотока из Китая


По каким признакам можно распознать машину-«утопленника»: лайфхак

Козлов: Россия и КНДР прорабатывают возможность запуска прямых рейсов

Обмен электронными транспортными накладными стал доступен участникам «Биржи грузоперевозок ATI.SU»

Бизнес-омбудсмен Москвы оказывает поддержку НМСП


СК завел дело после заражения нижегородцев ботулизмом

В Казани зафиксировано шесть случаев подозрения на ботулизм

Что предвидел Александр Починок и о каких событиях предупреждал? Почему его многие называли Аль Пачино

Путин летит к Ким Чен Ыну. Россия и Северная Корея станут стратегическими партнёрами


Актера Игоря Меркулова похоронят на Николо-Архангельском кладбище

Express: АПЛ «Архангельск» представляет большую угрозу инфраструктуре НАТО

Ниже воды: как идет обновление подводного флота России

Более 39 млн рублей направлено на летний отдых и оздоровление детей-сирот в Архангельской области


В Симферополе пройдёт спектакль-акция «Подаренная жизнь»

Выставка-посвящение «Первая дама советской скульптуры»

Фольклорно-литературная программа «Сказки детства, полные чудес, нас уводят в царство тридесятое»

Футболисты ЮФУ одержали три победы в домашнем турнире


Лучшие по ТАУ, ТОЭ, истории: ректор ЛЭТИ наградил сотрудников и студентов вуза на торжественном заседании Ученого совета

Полковнику ВСУ, приказавшему сбить русский самолет, избрали меру пресечение

Псковская студентка вышла в финал общероссийского конкурса «Молодые дарования России»

СК завел дело после заражения нижегородцев ботулизмом














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *