Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

УТРК Кошалиевдин Бакиев менен маеги боюнча ички териштирүү баштады

0

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) каналдын кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маеги тууралуу 18-майда да комментарий берди.

Каналдын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганы, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегени кайталанган.

“Учурда УТРКдан эфирге чыккан “Кыргыз ааламы” көрсөтүүсүнүн жасалгасын автор башка максатта колдонгондугу боюнча ички териштирүү жүрүүдө. Айта кетсек, Кадыр Кошалиев тартып келген интервью УТРКнын каналдарынан берилген жок. Ошондой эле, эфирге берүү боюнча планда каралган эмес”, - деп айтылат маалыматта.

17-майда УТРКнын продюсери Алмаз Касымалиев Кадыр Кошалиев мурдагы президенттен маек алуу боюнча каналдын жетекчилигине эч кандай маалымат бербегенин айткан.

15-майда Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берген.

Кошалиев “Азаттыкка” Кыргызстандын мурдагы беш президентинен маек алып эфирге берүү боюнча УТРКнын мурдагы жетекчилиги менен сүйлөшүү болгонун айткан.

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Эрулан Көкүлов Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден маек алганын сынга алышты. Элвира Сурабалдиева аны УТРКдан кызматтан кетирүүнү талап кылды.

“Кыргыз ааламы” программасы УТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналынан чыгат. Бакиев менен болгон интервьюда программанын жасалгасы колдонулган. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *