Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Ысык-Көлдө желим баштыкка тыюу салуу маселеси талкууланды

0
Ысык-Көлдө желим баштыкка тыюу салуу маселеси талкууланды

Ысык-Көл облусунун аймагында желим баштыктарды колдонууга бара-бара тыюу салуу маселеси бүгүн 18-майда Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү катышкан жыйында талкууланганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында көл аймагында полиэтилен пакеттерин өндүрүүгө, колдонууга жана сатууга этап-этабы менен тыюу салуу, алардын ордуна экологиялык коопсуз баштыктарга өтүү маселеси боюнча иштей турган жумуш тобу түзүлдү. Топтун курамына желим жана кагаз баштыктарды өндүрүү менен алектенген ишканалардын, соода борборлорунун өкүлдөрү катышты.

Жыйында соңку кезде Ысык-Көлдүн акваториясынан 3275 кг таштанды, балык кармоочу 47 миң метрлик синтетикалык тор алып чыгышканы, балык улоо менен мыйзамсыз алектенген 9 кайык кармалганы айтылды.

Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо чаралары жөнүндөгү мыйзамга желим баштыктарга каршы өзгөртүүлөр президенттин жарлыгы менен былтыр апрелде киргизилген болчу.  (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *