Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Казакстан: Бир нече активист визасыз режимге каршы акцияга чакырган деп айыпталды

0
Казакстан: Бир нече активист визасыз режимге каршы акцияга чакырган деп айыпталды

Казакстандын Актөбө шаарынын соту 17-майда бир нече активистке тынч митингдерди өткөрүү эрежелерин бузган деп административдик жаза чыгарды. Тергөөнүн материалдарына караганда, алар социалдык тармактарда жана WhatsApp тайпаларында митингдерге чакырышкан. Айыпталгандар дооматтарды четке кагууда.

Ахмет Сарсенгалиевди сот төрт суткага камады. Ал 1-майда митинг өткөрүүгө үндөгөн деп күнөөлөндү.

Ал эми Алмира Куватова жана Бауыржан Маратулы айып пулга жыгылды. Соттун материалдарына ылайык, алар 31 киши кирген WhatsApp тайпасында Кытай менен визасыз режимге каршы акцияга чакырышкан.

"Азаттыктын" казак редакциясы жазгандай, адвокаттар сотко катышкан жок. Активисттер бийлик алардын баш мыйзамда камсыздалган укуктарын бузганын айтып жатышат. 

Актөбөнүн облустук соту бейшембиде тараткан маалыматта мыйзам бузуулар далилденгенин, муну Instagram социалдык тармактагы скриншоттор, видеолор, тиешелүү протоколдор көрсөткөнүн билдирди.

17-майда Астана менен Бээжин эки өлкө ортосунда визасыз режим киргизүү тууралуу да макулдашууга кол койгон.

Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алышат.

Ошол эле күнү Алматы соту Шинжаңдагы казактардын укуктарын коргогон, Кытайдын ал аймактагы саясатын сындап жүргөн жана каттоодон өткөрүлбөгөн "Нагыз Атажурт"  партиясынын жетекчиси Бекзат Максутханулыны 15 суткага камады. 

Партиянын мүчөлөрү президент Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга сапары башталган 17-майда визасыз режимге каршы акция өткөрүүнү пландаган.

"Нагыз Атажурт" Фейсбуктагы баракчасында ондон ашык активист өздөрүнүн артынан аңдып жүрүшкөнүн, полицияга "сүйлөшүүгө" чакырылганын же кармалганын билдиргенин жазды. 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кытай менен визасыз режимге нааразылык акциясына чыгууга чакырыкка байланыштуу канча адам кармалганын билбей турганын кабарлады.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *