Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип жатат

0
Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип жатат

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Быйыл Энелер күнү 21-майга туш келди.

Президент Садыр Жапаров энелерге жолдогон куттуктоосунда кыргыз эли эзелтен энелерди аздектеп, сыйлап, ыйык тутуп келгенин айткан.

"Биз коомдун өнүгүшүнө, өлкөнүн өркүндөп-өсүшүнө зор салым кошуп келе жаткан апаларга, жалпы эле аялзатына кам көрүүнү эртеңки келечегибизди аныктай турган негизги милдет деп билебиз. Мамлекетибиздин социалдык саясатынын эң маанилүү артыкчылыктуу багыты деп карайбыз", - деп жазылган куттуктоодо.

Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге Баатыр эне наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 39 миңге жакындады. Анын 117си пенсия алууга укугу жок болгондугуна байланыштуу, социалдык жөлөк пул алышат.

2022-жылы жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 921 эне “Баатыр эне” ордени, алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 665 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышкан.

2021-жылы "Баатыр эне" ордени 819 энеге, "Эне даңкы" медалы 516 энеге ыйгарылган. 2020-жылы 1014 эне "Баатыр эне" ордени, 519у "Эне даңкы" медалы менен сыйланган.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *