Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Талас облусунун мурдагы башчысы Нарбеков үй камагына чыкты

0
Талас облусунун мурдагы башчысы Нарбеков үй камагына чыкты

Бүгүн, 20-майда президенттин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Бакыт Нарбековдун бөгөт чарасы аныкталды. Облустук соттун басма сөз кызматы Нарбековду үй камагына чыгаруу чарасы тандалганын "Азаттыкка" билдирди.

Жемкорлукка шек саналып кармалган Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов, Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Эмир Тыныбеков, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Саламат Салыбаев жана “НИКА KG” компаниясынын өкүлүнүн бөгөт чарасы 19-майда каралып, 29-майга чейин камакка алынышкан.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) алар Талас шаарында тигүү цехин курулуш ишинде 7 миллион сомдук зыян келтирген деген шек менен кармалганын 19-майда билдирген.

Атайын кызмат бул боюнча 11-майда кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү муну четке каккан. Мэрия долбоорду курууда каржы маселесине кийлигишпегенин, болгону тигүү фабрикасын курууга жер бөлүп бергенин айткан.

2022-жылы шаардык мэрия миң орундуу тигүү цехин куруп, "Кул Брос" тигүү ишканасына ижарага берери, аны облустук өнүктүрүү фонду каржылай турганы айтылган. (MKt/КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *