Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Жеңилдетилген насыя 5 миңден ашуун дыйканга берилди

0
Жеңилдетилген насыя 5 миңден ашуун дыйканга берилди

19-майга карата “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча жеңилдетилген насыя 5 миңден ашуун дыйканга берилип, жалпы суммасы 2,3 млрд. сомго жакындады.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин финасы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы Улан Намазбеков “Азаттык” радиосуна билдирди. Насыя өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча берилген.

Министрликтин маалыматына караганда, насыянын теңинен көбүн (3729) мал чарбачылык категориясы боюнча алышкан.

Былтыр дыйкан-фермерлерге бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын теңи гана берилгени белгилүү болгон жана буга байланыштуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Анда насыялар кечиктирилип берилгени, банктарда кезек күткөндөр арбын болгону айтылган. Айрым депутаттар жеңилдетилген насыя алчу компаниялар арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин билдирген.

Өкмөт былтыр жазында "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя үчүн 10 миллиард сом бөлгөн.

Апрель айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев айыл чарбасына бөлүнгөн жеңилдетилген насыя дыйкандарга кеч берилип жатканын сынга алган.

Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *