Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Италиядагы суу ташкындан кеминде 14 киши каза болду

0
Италиядагы суу ташкындан кеминде 14 киши каза болду

Италиянын түндүгүндөгү Эмилия-Романья районунда суу ташкындан каза болгондордун саны 14кө жетти.

Би-Би-Синин жазганына караганда, Равенна шаарынын бийлиги эки чакан шаардын тургундарын тез арада көчүрүүнү чечти.

Коопсуздуктун деңгээли кызыл чекке жетип, жогору бойдон калып жаткандыктан элди жолго чыкпай турууга чакырды. 

Эвакуация болгон 15 миңдей кишинин жарымы мейманканаларда же атайын даярдалган спорт залдарда түнөдү.

Жабыр тарткан аймактагы бир катар шаарларда элге ысык тамак берүү үчүн мобилдик ашканалар иштеп жатат. Суу тартылган жерлерде тургундар үйүн тазалай башташты. Бирок көпчүлүгү суунун деңгээли жогору болгондуктан көчөгө чыга албай жатат.

Равеннанын өзүндө нөшөрлөгөн жаан токтой элек. Мэр Массимо Изола шаар четиндеги айылдарда абал курч экенин билдирди. Ал жакта жер көчкү коркунучу жогору экени жана ал жактарга куткаруучулардын жетиши кыйынга турары айтылды.

Италиянын түндүгүндө соңку үч суткада жарым жылдык жаан жааган. Келтирилген зыян миллиарддаган еврого бааланды.

Суу ташкынынан улам Имоладагы "Формула-1" жарышы токтотулду.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *