Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

"Казатомпром" компаниясынын экс- жетекчиси Жакишевдин 14 жылдык жаза мөөнөтү аяктады

0

"Казатомпром" улуттук уран казуучу компаниясынын мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишев 14 жылдык жаза мөөнөтү 21-майда аяктаганын билдирди.

"Менин абак мөөнөтүм соңуна чыкты. Мен боштондуктамын!" – деп жазды Фейсбук баракчасына 11 жыл түрмөдө отуруп, үч жылдай мурун шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан Жакишев.

"Азаттыктын" казак редакциясы анын адвокаты жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болбогонун жазды.

Жакишев 2009-жылдын 21-майында кармалып, коррупция иштерине айыпталгандан кийин 14 жылга кесилген. 2020-жылдын 19-мартында шарттуу бошотулган.

Жабык өткөн сот жараяндарында ал күнөөсүн моюнга алган эмес. Судья уран кендериндеги запастар өңдүү маалыматтар жашыруун экенин айтып келген.

Укук коргоочулар жана Жакишевдин жактоочулары айыптоолор саясий мүнөзгө ээ деп эсептешет. Ал саясатка аралашпаганы менен 2013-жылы бир катар жергиликтүү укук коргоочулар аны саясий туткундардын тизмесине киргизген. Эл аралык уюмдар мурдагы жетекчини бошотууга үндөп келген. 2015-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Жакишевдин адилет жана ачык сотко болгон укугу камсыздалбаганын билдирген жана өкүмдү жокко чыгарууну талап кылган. Астана ал чечимди аткаруудан баш тарткан.

Айрым казакстандык укук коргоочулар Жакишев мурдагы банкир, оппозиционер Муктар Аблязов менен дос болгону үчүн куугунтукталган деп айтып жүрүштү. Башкалары ал уран өндүрүшүндө Орусиянын кызыкчылыгына каршы иш алып барган деп айтышат. Ал өзүнүн камалышына жогорудагы эки фактордун байланышы бар экени тууралуу комментарий берген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *