Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Кемпир-Абад иши: укук коргоочулар ачкачылык кармагандардын абалынан кабар алды

0
Кемпир-Абад иши: укук коргоочулар ачкачылык кармагандардын абалынан кабар алды

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардан кабар алды.

Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, беш киши ачкачылык кармоону улантууда. Алар тамак-аштан баш тартып, суу ичип жатышат. Абалдары канааттандырарлык экени айтылды. Рысбеков ачкачылык кармап жаткандар кимдер экенин атаган жок.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандар аларды улам башка бөлмөгө которуп жатышканына нааразылык иретинде 19-майдан тартып саясий ачкачылык жарыялашканы белгилүү болгон. Абактагылар "басымды токтотууну" талап кылышкан. 

Жаза аткаруу кызматы бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан. Азыр 10дон ашыгы абакта отурат. 

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө. (КЕ/BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *