Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

SpaceX Эл аралык космос станциясына туристтердин экинчи тобун жөнөттү

0
SpaceX Эл аралык космос станциясына туристтердин экинчи тобун жөнөттү

SpaceX компаниясы жекшембиде Эл аралык космос станциясына туристтердин экинчи тобун жөнөттү. "Фалкон-9" ракетасы жана "Крю дрэгон" кемеси Флоридадагы Канаверал тумшугунан учурулду.

Экипажды НАСАнын мурдагы пилоту жана Эл аралык станциянын алгачкы аял-командири Пегги Уитсон баштап кетти. Топко ишкер Жон Шоффнер, жана сауд арабиялык астронавттар Райян Барнави жана Али аль-Карни кирет. Рак клеткаларын изилдөөгө адистешкен Барнави космоско жөнөгөн биринчи саудиялык аял болуп калды. Бир жумалык сапар маалында алар станциядагы экипаж менен биргелешип иш алып бармакчы.

Мындай саякат үчүн миссиянын ар бир мүчөсү 55 миллион доллар төлөдү. Axiom коммерациялык долбоорунун алкагында бул өңдүү учуулар жылына 2-3 жолу уюштурулуп турмакчы.

Былтыр апрелде SpaceX компаниясы жалаң туристтерден турган алгачкы экипажды жиберген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *