Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Бишкекте кичи автобус менен жеңил машине кагышып, төрт киши жараат алды

0
Бишкекте кичи автобус менен жеңил машине кагышып, төрт киши жараат алды

Бишкектин Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган кичи автобус менен жеңил автоунаа кагышып, төрт киши жабыркады.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады. Кырсык 22-майда түшкү саат 12:30га жакын болгон. Маалыматка караганда, жабыркагандардын үчөө кичи автобустун жүргүнчүлөрү жана жеңил машиненин айдоочусу. Алардын алган жарааты тууралуу маалымат айтылган жок.

Окуя боюча тергөө иштери башталып, керектүү экспертиза дайындалганы айтылды. Эки машина тең айып пул төлөөчү жайга киргизилди.

Саламаттык сактоо министрлиги жол кырсыгынан кийин ооруканага беш киши, эки бала жана үч киши кайрылганын "Азаттыкка" билдирди. Балдар жана бир аял дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө жиберилди. Эки киши ооруканага жаткырылып, бирөө жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Социалдык таркмактын колдонуучулар кырсык болгон жерден сүрөт, видеолорду коюп жатышат. Алар кырсык болгондо эки жүргүнчү машиненин айнегинен чыгып кеткенин жазышты.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган. Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсү менен байланыштуу.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун январь айынын этегинде билдирген. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *