Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Амангелдиев Кытай менен соода 2,7 эсеге өскөнүн маалымдады

0
Амангелдиев Кытай менен соода 2,7 эсеге өскөнүн маалымдады

2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын соода мурунку жылга салыштырмалуу 2,7 эсеге өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, соода алаканы дагы өстүрүү үчүн Кытай менен чек арадагы өткөрмө бекеттерин кеңейтүү жана үчүнчү өткөрмө бекетин ачуу макулдашылды.

"Жакынкы арада бул багытта эки тараптуу жумушчу тобу түзүлөт. Алар кыска мөөнөттө долбоордун техникалык-экономикалык негиздерин иштеп чыгышы керек. Аягына чейин чыгып, түздөн-түз куруу иштерине өтүшүбүз керек".

Амангелдиевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата Кытай менен соода алаканын көлөмү 4,5 млрд. долларды түздү. Анын сөзүнө караганда, Кытай азырынча соода-экономикалык жактан Кыргызстандын негизги өнөктөшү болуп турат. Ал эми Кытай тараптын расмий маалыматында 2022-жылы эки өлкөнүн соода алакасынын көлөмү 15,5 млрд. долларга жетти.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайда мамлекеттик сапар менен 18-20-май күндөрү болду. Сапардын алкагында ал Сианда “Кытай – Борбор Азия” саммитине катышып, мамлекеттик жетекчилер, бизнес өкүлдөрү менен жолукту.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, сапар учурунда 20дан ашык документке кол коюлду.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *