Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Пашинян: Ереван Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы деп таанууга даяр

0
Пашинян: Ереван Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы деп таанууга даяр

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Жумурияты” деп атаган аймакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин билдирди. Бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздоого тийиш. Пашинян мындай билдирүүнү 22-майдагы маалымат жыйынында жасады.

Премьердин айтымында, Армения Азербайжандын 86 миң 600 чарчы километр жерин, анын ичинде Тоолуу Карабакты тааныйт, ошол эле маалда расмий Баку Армениянын 29 миң 800 чарчы километр аймагын таанышы керек. Пашинян армян калкынын коопсуздугу Баку менен Степанакерттин (азербайжанча аталышы - Ханкенди) сүйлөшүүлөрүнүн алкагында талкууланышы керектигин билдирди.

Муну менен бирге өкмөт башчы Тоолуу Карабактагы армяндардын укуктарына байланышкан маселе «унутта калбашы» жана Азербайжан «этникалык тазалоо жана геноцид» саясатын уланта бербеши үчүн эл аралык кепилдиктерди түзүү зарыл деп белгиледи.

Пашинян Армениянын Жаматтык коопсзудук келишим уюмундагы (ЖККУ) мүчөлүк маселесине да токтолду. Жетекчинин айтымында, Ереван блок маселелерди чечүүгө жөндөмсүз деп тапса, андан чыгышы ыктымал. Премьер ушундай маселе күн тартибинде турганын, азыр талкуу жүрүп жатканын айтты.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Тараптардын талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен этникалык армяндар жашаган Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Жумурияты” деп жарыялаган. Ортодо тутанган согуш 1988-1994-жылдары 30 миңдей адамдын өмүрүн кыйган.

2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, алты апталык урушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык,  аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *