Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Араван районунда айыл өкмөтүнүн башчысы камакка алынды

0
Араван районунда айыл өкмөтүнүн башчысы камакка алынды

Ош облусунун Араван районунда айыл өкмөтүнүн башчысы камакка алынганын бүгүн 23-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат билдиргендей, айыл өкмөтүнүн башчысы башка да кызмат адамдары менен бирге жер тилкелеринин бирин “сугат жер” категориясынан “турак жай куруу” деген категорияга өткөргөн токтом чыгарган, ошонун негизинде жеке менчикке чыгарылып берилген жер 7,7 миллион сом деп бааланууда.

Кылмышка шектүү жетекчинин жактоочулары же тарапкерлери УКМКнын бул билдирүүсүнө байланыштуу комментарий берише элек. 

Кыргызстандын калкы жылдан-жылга көбөйүп, турак жай курууга жер тилкелерине муктаждык өсүүдө. Айыл чарба багытындагы жерлерге там курууга уруксат жок.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *