Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Депутат Нарматова аскерде кызмат өтөй электерди өлкөдөн чыгарбоону сунуштады

0
Депутат Нарматова аскерде кызмат өтөй электерди өлкөдөн чыгарбоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова кыздарды эле эмес, аскердик кызматын өтөй элек жарандарды өлкөдөн чыгарбоону 25-майда парламент жыйынында сунуштады. Ал муну чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн жаштар көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп, билип-билбей кылмышка кириптер болуп жатканы менен түшүндүрдү:

"Орусияга, миграцияга чыгып кеткен кыз-келиндердин саны көбөйүп жатат. Ушул багытта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жер-жерлерде айыл өкмөттөр менен бирге ишканалар менен иш алып барып, иш орундарын түзүүнү колго алса жакшы болот эле. Азыр аз дагы болсо Орусияга барып кордук көрбөй, акчанын айынан курьерлик кызматка кирип, түрмөгө кирбей калат беле. Экинчиден, аскер кызматын өтөбөгөн жарандарды сыртка чыгарбоо жагын дагы карап чыгууга тапшырма берсеңиздер. Күчкө толуп турган жигиттер армияга да барбастан сыртка чыгып, кордукка дуушар болуп жатышат. Жок дегенде армияда кызмат өтөп, акыл-эсин токтоткондо бара турган мамлекетин, мыйзамын билип чыкса жакшы болот эле", - деди ал.

Кыздарды миграцияга жөнөтпөө сунушу парламентте маал-маалы менен көтөрүлүп калып жүрөт. Социалдык медиада мындай демилгелер "аялдардын укугун чектөө" катары сынга кабылган.

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны расмий маалыматта 1 миллиондон көп. Кыргызстандын аймактарында орто мектепти бүтүргөн соң миграцияга кеткендердин агымы көбөйгөнү айтылып келет. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушу тапта Орусияда миңден ашуун кыргыз жараны камакта жатат.

Соңку жылдары Орусияда мигранттар арасында курьерлик кызмат көрсөтүү учурунда маңзат менен кармалгандар көбөйгөнү, арасында жаштар, кыздар көп экени парламентте бир нече жолу айтылган. "Азаттык" миграцияда жүрүп, билип-билбей бул кылмышка кириптер болгон кыз-жигиттер туурасунда берүү даярдаган. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *