Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Парламентте Кытай менен маданий келишимди кароо тартибинен улам талаш чыкты

0
Парламентте Кытай менен маданий келишимди кароо тартибинен улам талаш чыкты

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 29-майдагы жыйынында регламент жөнүндө талаш-тартыш чыкты.

Депутат Адахан Мадумаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий келишимди комитеттин чечими жок эле парламент кабыл алганын айтып, аны мыйзамсыз деп табууга чакырды. Ал комитет төрагасынын кызмат ордун кароо маселесин көтөрдү.

“Силер мага көрсөтүп берсеңер, регламенттин кайсы беренесинде комитет жыйын өткөрбөй эле сурамжылоо жолу менен кол коюп берсе болот деген жери бар? Кытай менен болгон эки келишим тең мыйзамсыз. Эгерде ушундай жол менен кете берсе, Улан Бердибаевич төрагалыкка татыктуу же татыксыз экениңиз жөнүндө маселе коюшум керек болот”, - деди Мадумаров.

Улан Примов комитеттин бардык чечимине жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Ал Мадумаров Жогорку Кеңеш кабыл алган келишимди мыйзамсыз деп эсептесе, Конституциялык сотко кайрылууга акысы бар экенин айтты.

“Мен комитеттин төрагасы катары комитеттин чечимине жооп берем”, - деди Примов.

Жыйында депутат Шайлообек Атазов Кытай менен келишим туура болгонун белгилеп, Мадумаровдун ага каршы болуп жатканын сындады.

Комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Осмонов сөз алып, акыркы күндөрү комитет жыйындары кворум жок өтпөй калганын белгиледи. Буга жоопкер катары төраганы сындады. Депутат Улан Бакасов дагы бир маселе комитетте өтүп же өтпөгөнү жөнүндө суроо берип, пикир келишпестик бир топко уланды. Улан Примов комитетте айтылган маселелер эске алынарын билдирди.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине 12 депутат мүчө.

Кыргыз-кытай маданий кызматташтыгы тууралуу келишимге 18-майда президент Садыр Жапаровдун Кытайдагы мамлекеттик сапары учурунда кол коюлган. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *