Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Кыргызстанда вирустук гепатит жугузуп алгандар эки эсе көбөйдү

0
Кыргызстанда вирустук гепатит жугузуп алгандар эки эсе көбөйдү

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда вирустук гепатит оорусун жугузуп алган 1 364 катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин жаңы баяндамасында жазылган.

Былтыр бул убакытта  вируска кабылган 706 учур гана катталган. Иш жүзүндө быйылкы төрт айда 1,9 эсе көбөйгөн.

Жалпы вирустук гепатит оорусуна кабылган 1 364 адамдын 1 255и илдеттин А түрүн жугузуп алгандар. Былтыр төрт айда бул көрсөткүч 654 учурду гана түзгөн.

Гепатитке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Ош облусуна (34,3%), Баткен облусуна (32,4) жана Ош шаарына (25,4) туура келет.

Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *