Чолпон-Атада "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммити өтөт
![Чолпон-Атада](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-b2b2-08db60d0dfc0_w800_h450.jpg)
2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” экинчи саммити өтөт.
Бул тууралуу 30-майда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.
“Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбор Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашуу болот”, - деп айтылат маалыматта.
Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаров келген мамлекеттин лидерлери менен менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен жеке жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр жүрүп, кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелери талкууланат.
"Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммитинин биринчиси былтыр 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.
Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.
Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу маалыматты былтыр апрелде да жарыялаган. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине бурулары кабарланган.